Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

Кыргызстанда көмүскө экономиканын өлчөмү ИДП 50 пайызынан жогору


БИШКЕК. Учурда Кыргызстанда мамлекеттин эсебине салык төлөбөгөн көмүскө экономиканын өлчөмү өлкөнүн Ички дүң продуктысынын 50 пайызынан бир кыйла жогору. Бул тууралуу бүгүн эл аралык эксперттерге шилтеме келтирип «Кыргызинфо» маалымат агенттиги жазып чыкты. Ал эми өткөн жылы мамлекет башчы Аскар Акаев өлкөдөгү көмүскө экономиканын өлчөмү ички дүң продуктынын 25 пайызын түзөөрүн кабарлаган. Көз каранды эмес байкоочулардын пикиринде, Кыргызстанда көмүскө экономиканын өлчөмү Ички дүң продуктынын 50 эмес, 70 пайызына барабар. Белгилей кетүүчү нерсе, эл аралык эксперттердин маалыматына караганда, кайсыл өлкөдө көмүскө экономиканын өлчөмү ал өлкөнүн Ички дүң продуктысынын 50 пайызынан жогору болсо андай өлкөнү коррупцияга батып, экономикасын толук көзөмөлдөөгө мүмкүн болбой калган өлкөлөрдүн тизмесине кошууга болот.

XS
SM
MD
LG