Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Аксы окуясында жабыркагандар Жогорку сотко кайрылышат


ЖАЛАЛАБАД. Аксы окуясында жабырланган атуулдар областтык соттун чечимине нааразылык билдиришип жакынкы күндөрү өлкөнүн Жогорку сотуна арыз жолдоого даярданышууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун кабарчысына Аксы районунан шайланган депутат Азимбек Бекназаров маалымдады. Эске сала кетүүчү нерсе, Аксы окуясында жабырланган атуулдар 2002-жылдын 17-мартында милиция огунан курман болгон атуулдардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголбой, айыпкерлер жазаланбагандыгы тууралуу райондук сотко мындан бир нече ай илгери арыз жолдошкон. Арыз ээлери райондук соттон каза тапкан ар бир жигит үчүн кыргыз өкмөтүнөн 500 миңден 4,5 млн. сомго чейин моралдык, материалдык чыгым өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында райондук сот жабырлануучулардын мындай өтүнүчүн канааттандырбаган чечим чыгарган.

Жабырлануучулардын апелляциялык азырын областтык сот 6-сентябрда карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Белгилей кетүүчү нерсе, облустук сот эки жабырлануучунун арызы боюнча райондук сотту колдогон аныктамасын угузганда калган жабырлануучулар сотко ишеним көрсөтпөй, сот залынан чыгып кетишкен.

XS
SM
MD
LG