Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:57

Газа тилкесине Израилдин танкалары менен бронетранспортерлору кирди


ГАЗА шаары. Бүгүн Газа тилкесине Израилдин танкалары менен бронетранспортерлору кирди. Израилдик аскерлердин маалыматына караганда, операция кошуна жөөт кыштактарын ракеталар менен аткылап жаткан палестин согушкерлердин аракеттерин басуу максаты менен жүргүзүлүүдө. Бирок израилдик булактар аскердик операцияга карабастан жөөт чөлкөмдөрүнө беш ракета атылганын айтып жатышат. Операция учурунда бир палестин жаракат алды. Кечээ жөөт аскерлердин Газа тилкесине абадан урган соккуларында 14 палестин курман болгон. Ошону менен катар эле, бүгүн Иордандын батыш жээгинде жөөт Израил курган дубалдан алыс эмес жерде бир машине жардырылды. Машиненин айдоочусу курман болду. Жардыруудан башка кишилердин жабыркаганы туралуу маалымдалбайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG