Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:26

НАТО менен Россия террорчулукка каршы биргелешип күрөшөт


МОСКВА. НАТОнун Европадагы күчтөрүнүн командачылары бүгүн Москвада Россиянын өкүлдөрү менен жолугуп, терроризмге каршы биргелешип күрөшүүгө сөз беришти. АКШлык генерал Жеймс Жоунс Россия менен НАТО бүгүн окшош маселелердин алдында турганын белгиледи, ал эми Россиянын башкы аскердик штабынын командачысы генерал-полковник Юрий Балуевский 21-кылымдын бул каргашасын биргелешкен аракеттер менен гана токтотуу мүмкүн экенин билдирди.

- Террористтердин базаларын жок кылуу үчүн кай жерге болбосун озунуп сокку урганга даярбыз. Бирок бул ядролук куралды пайдаланабыз, дегендикке жатпайт. Биз жагдайга карата чара көрөбүз,-деди генерал.

Генерал Жоунс Бесланда курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, бул кайгылуу окуянын кесепеттерин жойуу үчүн НАТО Россияга жардам берүүгө даяр экенин айтты. Россия Бесландагы мектепке кол салган чечен козголоңчуларын "коопсуздандырганга" жардам бергендерге 10 миллион доллар сыйлык бериле турганы жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG