Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:01

Беларустагы оппозициялык партиялар референдум алдында биригишти


Алар президент А.Лукашенконун бийлик мөөнөтүн референдум аркылуу узартып алышына жол бербеш үчүн бириккенин жар салышты. Социал-демократиялык партиянын лидери Николай Статкевич оппозициячыл партияларды демократиялык өнүгүү келечегине көлөкө түшүп, монархия орнотуу аракети жүрүп жатканда, өз ара бөлүнүп алган үчүн айыптап, биригүүгө үндөдү. Беларустагы 30дай оппозициячыл кыймыл октябрь айында президент Лукашенконун планына каршы демонстрацияга чыгарын билдиришти. Ырасми Минскинин планы боюнча, референдум парламенттик шайлоо менен чогуу 17-октябрда өткөрүлөт. Анда экинчи президенттик мөөнөтү 2006-жылы аяктай турган А.Лукашенко кайрадан шайлоого катыша алабы деген маселе чечилмекчи.

XS
SM
MD
LG