Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Түндүк Осетиянын өкмөтү отставкага кетет


Бул тууралуу жумурияттын президенти Александр Дзасохов жарыялады. "Алдыдагы эки күн ичинде мен Түндүк Осетиянын өкмөтүн таркатуу жөнүндөгү жарлыкка кол коем", - деди Дзасохов. Мындай сөздөрүн ал Түндүк Осетиянын борбору Владикавказда Бесландагы кандуу окуялар маалындагы бийликтегилердин аракетине нааразылык билдирип көчөгө чыккан жүздөгөн демонстранттар алдында айтты. Ал кайгылуу окуялардан ырасми маалыматтар боюнча 330дай киши каза таап, 700дөй адам жараат алды.

Орус өкмөтү кечээ мурдагы чечен президенти Аслан Масхадов менен согушкерлер командири Шамил Басаевди колго түшүрүүгө жардам берчү адамга 10 млн. долларлык сыйлык сунуш кылды. Москва жүздөгөн жаш балдардын жаны кыйылып-жабыркаган Бесландагы окуялардын артында ушул экөө турат деп эсептейт. Орусиянын армия штабынын башкы командачысы, генерал Юрий Балуевский Москва террорчуларга каршы дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун сокку урууга даяр деп билдирди.

XS
SM
MD
LG