Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

ЖУРНАЛИСТТЕРДИН МАЙРАМЫ, ШААРЛАРДЫН АБАЛЫ, БЕСЛАНГА ТИЛЕКТЕШТИК


Кыргызстандагы басылмалардын негизги темасы Бесландагы терактка байланыштуу болду. 8-сентябрь журналисттердин тилектештигинин эл аралык күнү. Бул тууралуу макала «Вечерний Бишкек» гезитинде орун алды. Электр энергиясынын уурдалышы кирешенин 50 пайызга кыскарышына алып келет. Бул тууралуу фактылар «Общественный рейтинг» гезитинде жарыяланды.

8-сентябрь күнү чыккан «Вечерний Бишкек» басылмасынын актуалдуу темасы – журналисттердин тилектештигинин эл аралык күнүнө арналды. Бул күн жыл сайын 8-сентябрда экинчи дүйнөлүк согуш жылдары курман болгон чехиялык журналист Юлиус Фучиктин элесине арналган, деп кабарлайт басылма.

Ар бир эле кесипте, өзгөчө чыгармачыл кесипте эң баалуу нерсе - кесиптештериңдин баа берүүсү, алардын жылуу сөзү. Ушунун өзү тилектештик. Аны календарь боюнча, белгилүү бир датага байланыштуу эмес, андан көбурөк сезип турсаң кандай жакшы деген пикирин макакаланын автору билдирди.

Басылманын ушул эле санында, парламенттик хроника рубрикасында, Жогорку Кенештин Мыйзам чыгаруу жыйынында – өкмөттүн республикадагы социалдык-экономикалык жагдай туурасындагы маалыматын талкуулоо бир нече күнгө созулмай болду деген маалымат орун алды. Басылманын билдирүүсүнө караганда, парламентарийлер сүйгөн суроо-жооп процедурасында отуз үч “баатыр”, башкача айтканда, депутаттар чыгып сүйлөдү. Негизинен премьерге жана анын командасына депутаттар жергиликтүү масштабдагы суроолорду беришти.

Контрабанда республиканын экономикасына орду толгус зыян келтирүүдө. Жыл сайын бюджет миллиарддаган сомдорду албай калат. Кыргызстандык салык төлөөчүлөр күч структуралары мыйзамсыз бизнеске каршы кандай чараларды көрүп жаткандарын билгилери келет. Ушул максатта “Вечерний Бишкек” басылмасы Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын, Финансы полициясы башкармалыгынын, Бажы жана Чегара кызматы департаментинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен “түз байланыш” өткөрдү. Бул тууралуу окурмандар кеңирирээк «Вечерний Бишекектен» тааныша алат.

Ал эми бугүн чыга турган «Общественный рейтинг» гезитинин жооптуу катчысы Наргиза Кожомкулованын билдирүүсүнө караганда, бул санда Мурат Сүйүнбаевдин "Кыргызстандагы региондордун геоэкономикалык өзгөчөлүктөрү" деген макаласы чыкты. Кыргызстандагы 24 шаардын бешөө революцияга чейин эле бар болчу, ал эми он тогузу кийинчирээк пайда болгон. Айрым шаарлар өндүрүштүн токтоп калышына байланыштуу чоң айылдарга окшошуп баратат деген пикирин билдирет автор.

Мындан тышкары басылмада электр кубатынын 40 пайызы уурдалаары, ошондон улам киреше 50 пайызга кыскараары жарыяланды.

Бишкек гуманитардык университетинин жетекчилигинин алмашышы көптөгөн көйгөлөрдү жаратты деген билдирүү менен аталган окуу жайдын мугалимдери 8-сентябрда чыккан «МСН» гезитине чыгышты.

Ошондой эле ушул эле басылмада Түндүк Осетиянын Беслан шаарында болгон терактка байланыштуу ой-пикирлер жарыяланды. Ушул эле темада «Аргументы и факты» гезитинде да макала орун алды. Мындан тышкары, Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүков менен маек орун алды. Анда ал Ысыккөлдө өтүп жаткан эл аралык оюндардын өтүшү тууралуу «Аргументы и факты Кыргызстан» гезитине айтып берген.
XS
SM
MD
LG