Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:43

ЫСЫККӨЛ: 49 ЖЫЛ ЧЕТ ЭЛДИКТЕР ҮЧҮН АЗДЫР, А КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ҮЧҮН КӨПТҮК КЫЛАТ


Чолпон Орозобекова , Бишкек Кыргыз коомчулугунда чет элдиктерге Ысыккөл жээгинен жер сатылууда деген тычсыздануулар бар. Мыйзамчы депутаттар ушул күндөрү дал ушул маселени палата талкуусуна алып чыгууну караштырышууда. Жакында президент кол койгон Ысыккөлгө өзгөчө макам берүүчү мыйзамга ылайык көл боюндагы жерлер чет өлкөлүктөргө 49 жылга ижарага берилет.

Ысыккөл жээгиндеги пансионаттардын 90 пайызы менчиктештирилген. Калгандары министрлик, университет өңдүү мамлекеттик мекемелердин карамагында. Мамлекеттик мүлк комитети билдиргенге караганда, көл жээгиндеги эс алуу үйлөрдүн 20-25 пайызы чет элдиктерге таандык.

Аталган комитеттин төрагасы Равшан Жээнбеков «Азаттыкка» билдиргенге караганда, пансионатка ээлик кылып аткан чет элдиктердин курулуш турган жерге менчиктик укугу жок. Андыктан алар ай сайын жердин ижарасы үчүн жергиликтүү бюджетке акча төлөп турушат:

- Пансионаттарды чет өлкөлүктөргө бербеш керек деген пикирге каршымын. Биз алардын имаратын гана сатабыз, ал эми курулуш турган жерин сатууга мыйзам тыюу салат. Ошондуктан ал панисонаттардын ар бири жылыга 8-10 миң сомдон жергиликтүү бюджетке ижара акысын төлөп турушат. Жери да менчикке берилген пансионаттар бар, алардын кожоюндары - кыргызстандыктар, - дейт Мамлекеттик мүлк комиссиясынын башчысы Равшан Жээнбеков.

Ысыккөл жээгинде "Рахат", "Асел" өңдүү Казакстан менен Өзбекстанга тиешелүү пансионаттар бар. Кыргыз бийлиги алардын менчиктик укугун азырынча тааный элек. Бирок алар коомчулук тарабынан чет элдиктерге тиешелүү катары кабылданат. Калың жана бийик тосмо менен курчалган бул эс алуу үйлөрү жергиликтүү калк үчүн табышмактуу дүйнө. Эксперт Елена Родинанын айтымында, чет элдик пансионаттардын короосуна кириш карапайым калк эмес, мамлекеттик чиновниктерге деле кыйынга турат:

- Киргизишчү эмес да, эмне болсун, губернаторду сатып алышат. Анан жада калса текшерүүчү органдарды пансионаттын аймагына киргизишпейт. Муну баарыбыз эле билчүбүз. Бул мыйзамда ушул кырдаалды жөнгө сала турган нормаларды киргиздик.

Жакында президент кол койгон "Ысыккөлдүн экологиялык жана экономикалык туруктуу өнүгүшү жөнүндө" мыйзам боюнча көлдүктөр чет элдик пансионаттарга ээн-эркин кирип, алардын жээгинен сууга түшүүгө укуктуу. Ошондой эле, мындан ары жергиликтүү бийлик менен келишим түзүү менен көл жээктеринен ижарага алганга карапайым көлдүктөргө жол ачылды.

Бул мыйзам боюнча чет элдиктер көл жээгинен 49 жылга ижарага жер алууга укуктуу. Соңку күндөрү көл жээги чет элдиктерге сатылып атат деп тычсыздангандар көбөйдү. Кытайлар, корейлер, дунгандар жер сатып алышып, эс алуу үйүн куруп, жер-жемиш өстүрөт экен деп бүшүркөгөндөр көп. Ысыккөл губернатору Токон Шайлиевага жакында эле кытайлыктар жер алуу боюнча кайрылып, бирок бул маселе дале ачык бойдон турат. Ысыккөлдүн Жети- Өгүз районунун тургуну Индира Казиева өзү жетектеп келген эс алуу үйүнө орусиялык бизнесмендер кызыкканын айтат. Ага 11 миң доллар сунуш кылып, Орусияга сатууга макул кылганга аракет кылышкан:

- Мага ушул ишке жардам бер. Мамлекеттик казынага бааны аз эле айтып кой, анан өзүңө дагы көбүрөк акча беребиз дешти. Мен "жок, мен деген элимдин патриотумун" дегем. Ошондон баштап менин үстүмөн арыз жазып, эмгиче куугунтуктап атышат.

Индира Казиеванын айтымында Бозбешик айылындагы эс алуу үйүн корейлер иштетип жатышат. Жумушсуз жүргөн жергиликтүү калк корейлерден кем эмес иштетишмек деген ойдо.

Кыргыз өкмөтү болсо июль айында Ысыккөл боюндагы мамлекеттик менчикте турган жерлерге курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана эс алуучу обьекттерди курууга тоорук өткөрүү боюнча токтом жарыялаган. Ага ылайык тоорукка коюлган жерлерди сатып алууга кыргызстандыктар жана жер кодексине ылайык аныкталган убактылуу мөнөттү пайдаланууга укуктуу чет элдиктер катышууга укуктуу. Акыры бул маселеде карама каршы учурлар көп. Өкмөттүн токтомунда чет элдиктерге сатылбайт деп жазылган жери жок. Ал эми жогоруда сөз болуп аткан мыйзамда 49 жылга ижарага ала алат, бирок биротоло кожоюн боло албастыгы ачык жазылган. Көлдүктөрдүн ою боюнча 49 жыл өтө эле чоң мөөнөт:

- 49 жылдан кийин ким бар, ким жок? Демек, ушунча жыл биз көлгө ырасырак түшө албай, ары- бери баса албай, өз жерибизде кор болот экенбиз да. Чет элдик пансионаттар элди такыр киргизбейт, жолотпойт да. 49 жылдан кийин алар кыргыз атуулдугун алышат. Ушинтип отуруп көл жээгиндеги жерлерден да, пансионаттардан да ажырайт экенбиз да, - дейт жети-өгүздүк Индира Казиева.
XS
SM
MD
LG