Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:38

Муса Мураталиев, Москва 7-сентябрда НТВ каналы Бесланда барымтага алынгандарды тирүү кезинде терорчулар тартып алган тасманы көргөздү. Буга дейре эч бир сыналгы каналы көргөзбөгөн ал тасмада барымтадагы миңдей мектеп окуучулары, алардын энелери жана мугалим эжелери түшүрүлгөн. Тасмага тартып аткан террорчу Бесландын №1 орто мектебинин спорт залында болуп аткандын баарын түшүргөн.

Орусиялык бийлик барымтага алуу болгон күнү 354 киши кармалып жатат деген. 8-сентябрда өлкөнүн башкы прокурору Владимир Устинов РИА «Новости» агенттигине барымтада 1200 киши болгон деди. Алардын 326сы каза тапты.

Бесландагы трагедиянын бир фактысы – кечөө сыналгы көргөзгөн тасма. Аны 7-сентябрда НТВ каналынын «Страна и мир» берүүсү көргөздү. Спорт залда миңдей балдар, анда-мында аялдар отурушту. Барымтага алуунун биринчи сааты сыяктанат. Спорт залдын ичи толтура. Жерде отургандардын үстүндө – залдын орто ченинде жембаштыктай келген бомба, эки дубалдагы топ ыргытчу эки корзиналарга ат башындай эки бомба асылуу турду. Ошол бомбаларды туташтырчу эки зым жерде, барымтачы таманы менен басып турган окуу китептин ичинде экен. Китептин тышын барымтачы басса жарыла тургандыгын сыналгынын алып баруучусу баян этти:

- Жарылуучу (бомбалар – ММ) бардык жакта илинип турат. Бир козголоңчу аларды жардыруучу түзүлүштүн үстүн таманы менен басып турат, - деп түшүндүрдү.

Барымтачы чөнтөк телефон аркылуу кимдир-бирөө менен сүйлөшүп атты. Кара кийген аял колуна тапанча алып, шахид курун курчанып, эшикти тосуп, тикесинен тик турду.

Анализчилердин айтканына караганда, буга дейре тасманы тандалма жоокерлер гана көрүшкөн. Шаршембиде орусиялык башкы прокурордун орун басары Сергей Фридинский тасма туурасында сураган журналисттин суроосуна:

-Ал толук иликтенгенден кийин ачыкка чыгарабыз. Албетте, көрүүгө мүмкүн деген жерлерин гана көргөзөбүз, - деген болчу.

Мындай жагдай бийликтин кашыктап маалымат таркатышынан улам пайда болгон. Генерал Руслан Аушев сентябрдин экиси күнү барымтачылар менен жолугуп, эмчекте балдары барлар менен бир нече кишини куткарып чыккандан кийин «Эхо Москвы» үналгысына айткан жообунда барымтада жаткандар аябагандай көп деген:

- Мен кирген бир эле спорт залдын ичи топтолтура киши экен. Бериде өлтүрүлгөн 21 кишинин сөөгүн көрдүм.

Бирок федералдык бийлик бүгүн, 8-сентябрда гана 1200 киши барымтада болгонунун ачыкка чыгарды. РИА «Новости» агенттигине айткан жообунда Орусия баш прокурору Устинов:

- Ооруканага түшкөндөр эсеби 727 кишиге жетти, курман болгондорун саны 326га жетти. Мектепте барымтага 1200 киши алынган, - деди.

Ал эми тасманы ким кайдан алганы белгисиз бойдон калууда. Анализчилер бул кантсе да 2-сентябрда Түндүк Осетия администрация жетекчиси Дзукаевдин "Барымтачылар эки кат берди, бир тасма берди, бирок ага эч нерсе тартылбаптыр" деген маалыматынын жандырмагы дешет.

Тасма ошондон бери бийлик колунда жатып, азыркы тушта, кимдир бирөө тараптан сыналгынын кампасына ташталган дешүүдө. Бирок барымтачылар бийликти кепке келтириш максатта, барымтадагылар тирүү кезинде тартып, бийликке жиберип, ал жетпей калган деген пикир бар. "Жок, муну алар, каражат берип аткан жамаатташтарына көргөзүү максатында тартышкан" деген да кеп бар.

Сүрөттө: НТВ каналы көргөзгөн тасмадан.
XS
SM
MD
LG