Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

«ЖЕНИСИС» КОСМОС ЖАБДУУСУ КЫЙРООГО УЧУРАДЫ


Бүгүн АКШнын «Женисис» аппаратындагы космостук бөлүкчөлөр сакталган идиш өзгөчө тазалыкты камсыз кылган аскердик жайга алынып келинди. Кечээ (шаршемби күнү) Кошмо штаттардын «Женисис» деп аталган космостук жабдуусунун парашюту ачылбай калып, Жерге кулап түшкөн. 2001-жылы августта космоско учурулган бул аралыктан башкарылган жабдуу космос мейкиндигинде Күндүн шамалынын бөлүкчөлөрүн чогулткан жана аларды Жерге алып кайтып келе жаткан.

АКШнын Юта штатынын чөлдүү аймагына келип кыйроого учураган «Женисис» (The Genesis) космостук жабдуусунун толук чыгымдары азырынча маалымдала элек. Сыналгыдан обого чыгарылган даректүү тасмадан эч нерсе өспөгөн чөл кыртышына белинен бери баткан жана сыныктары ар кай жерде чачылып жаткан жабдуунун чоң бөлүгүн көрүүгө мүмкүн болду.

АКШнын космосту иликтөө агенттиги – НАСАнын күн системасын иликтөө тармагынын жетекчиси Крис Жоунс (Chris Jones) бул каргашалуу окуянын кесепеттери иликтенип жатканын айтты:

- Жерге түшүрүлө турган аппарат олуттуу зыянга учурады. Ал чөлдөгү кыртышка тийгенде бычырап кетти. Эми биз бул жабдууну оңдоого аракет кылмакчыбыз. Анын кайсы тетиги иштебей калганын аныктообуз үчүн жетишерлик далил бар деп үмүттөнөм. Дегиңкиси, жабдуунун калдыктарынан илим үчүн пайдалуу бир нерсени ала алабызбы, же жокпу, аны тактоо иши дагы да алдыда.

Азырынча бул жабдуудагы күн шамалы деп аталган кубулуштун бөлүкчөлөрү жыйналган идиш дурус сакталганбы, же жокпу, белгисиз. Адистер бул идишти бейшемби күнү АКШнын куралдуу күчтөрүнө таандык атайын жайга жеткиришти.

«Женисис» космостук аппараты атмосферага сүңгүп кирип, жер кыртышынан 33 чакырымдай бийиктикке жеткенде анын алгачкы парашюту ачылууга тийиш болчу. Ал эми жерге 6 чакырым калганда анын негизги парашюту ачылууга тийиш эле. Андан тышкары, атайын тик учактар бул аймакта сак-сактап учуп турмак жана чоң парашют менен каалгып конгону жаткан жабдууну жерге жеңилирээк кондуруу үчүн кошумча тор жайып, жабдууну тосуп алышмак.

Бирок бул иш ойлогондой болбой, белгисиз себептер менен эки парашют тең ачылбай калды да, жабдуу чоң ылдамдыгынан жазбай өз жолун улантып келип, акыры чөл кыртышына кулап түштү.

Жалпы каржысы 260 миллион долларга турган «Женисис» жабдуусу 2001-жылдын 3-декабрынан тартып үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине чейин космос мейкиндигинен бөлүкчөлөр чогулткан. Бул бөлүкчөлөрдүн илим үчүн мааниси өтө зор болчу. Аларды иликтөө Күн системасынын жаралыш жараянын заттык деңгээлде үйрөнүүнүн жаңы баскычын түзмөкчү эле.

Тээ 1970-жылдары АКШнын «Аполлон» космостук кемеси жана мурдагы Советтердин «Луна» космостук жабдуусу Айдын кыртышынан үлгүлөрдү жерге алып келгенден бери алыскы космос мейкиндигинен эч кандай чаң же космостук бүртүкчө Жерге адам колу менен жеткириле элек болчу.
XS
SM
MD
LG