Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:00

Шейшемби күнү (7-сентябрда) Беларус президенти Александр Лукашенко сыналгы аркылуу жалпы улутка кайрылып, 17-октябрга белгиленген парламенттик шайлоо маалында референдум өткөрүлөөрүн жарыялады. Анда бир киши президенттик кызматка катары менен эки гана мөөнөткө шайлана алат деген беренени баш мыйзамдан алып салуу сунушу коюлмакчы. Жергиликтүү саясатчылар жана адистер Лукашенконун бул кадамын кескин сынга алып чыгышты.

Беларустун баш мыйзамынын Кыргызстандын конституциясына окшогон бир олуттуу талабы бар: анда бир атуул президенттикке катары менен эки жолу гана шайлана алаары таасын белгиленген. Ал эми Александр Лукашенко алгачкы ирет бул кызматка 1994-жылы 10-июлда шайланган болчу. 1996-жылкы талаш-тартыштуу референдум аркылуу ал парламентти таркатып, өз ыйгарым укугун 2001-жылга чейин узартып алган. Ал эми 2001-жылкы сентябрдагы шайлоодо өз кызматын сактап калган. Бул соңку шайлоо одоно бурмалоо жолу менен өткөрүлдү деп европалык байкоочулар тарабынан сынга алынган.

2006-жылы өлкөдө кезектеги президенттик шайлоо өтүүгө тийиш. Конституция боюнча ага Лукашенконун талапкер катары катышууга укугу жок. Эми бир гана арга калды. Ал – баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү.

7-сентябрда кечкурун сыналгы аркылуу улутташтарына кайрылып, президент Лукашенко келээрки айдагы парламенттик шайлоо учурунда бир олуттуу маселенин башын ачып алууга чакырды:

- Референдумда бир гана суроого жооп берүү талап кылынат. Аны мындайча түшүндүрсөк болот: «Сиз Беларус Жумуриятынын алгачкы президенти Александр Лукашенконун президенттик шайлоодо Беларус Жумуриятынын президенттигине талапкер катары катышуусуна макулдук бересизби?»

Ошентип, президент Лукашенко буга чейин өзүнүн үчүнчү мөөнөткө шайлануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө кайпактатып гана айтып келсе, эми эртерээк чечкиндүү чараларга өтүүнү эп көрдү.

Беларус оппозициясы жана көз каранды эмес адистер анын Конституцияга өзгөртүү киргизүү ниетин дароо сынга алып чыгышты. Минскидеги Социалдык-экономикалык жана саясий иликтөө институтунун өкүлү Александр Сосновдун оюнча, бул референдумдагы маселе Лукашенконун өмүр бою бийликте калуу аракети деп чечмелениши мүмкүн:

- Менимче, беш референдум өткөрүп жеңип чыккан Гитлердин бир сыңарындай, Лукашенко да болочокто дагы бир референдум өткөрүшү ажеп эмес. Маселен, дагы он беш жыл өттү дейли. Ошондо Лукашенко колун калтырак баскан чал болуп калат. Анан ал өз кызматын уулуна өткөрүшү керек болот эмеспи. Албетте, бул иш деле ал үчүн чоң түйшүк жаратпайт ко дейм.

Соснов мырзанын мындай кер какшыгына үндөш маанай башка адистерден да байкалууда. Маселен, Минскидеги көз каранды эмес Стратегиялык борбордун өкүлү Валерий Карбалевич Лукашенконун өкмөтү Европадагы демократиялык өлкөлөрдөн оолактап, чыгыштагы авторитардык салтка ооп жатат деп санайт:

- Беларус уламдан-улам Азиядагы режимдерге, Борбордук Азиянын режимдерине жакындоодо. Бул аймактарда иш жүзүндө президенттердин басымдуу көпчүлүгү референдум өткөрүү аркылуу өз мөөнөттөрүн узартып алышкан.

Анын оюнча, Лукашенко чакырган референдумдун башкы пайдасы ушул – референдум бөлүнүп-жарылган саясий оппозицияны бир ынтымакка келтириши, шайлоочулардын көңүлүн парламенттик шайлоо өнөктүгүндө үстөмдүк кылып жаткан айлык акыны жогорулатуу сыяктуу күнүмдүк маселелерден саясий маселеге – Беларустагы демократиянын тагдыры маселесине буруп бериши мүмкүн.

Беларустагы оппозициячыл партиялар болсо шайлоочуларды конституциянын президент тууралуу азыркы беренелерин сактап калууга үндөөдө.
XS
SM
MD
LG