Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:10

Түндүк Осетиянын Беслан калаасындагы трагедияны Орусиянын, КМШ өлкөлөрүнүн мусулман динаятчылары да кескин айыпташты. Алардын пикиринде, террорчулардын Бесланда кылган иштери ыйык Курандын насааттарына түп тамырынан каршы келет, алардын аракетинин Исламга эч байланышы жок.

Ислам менен террорду байланыштырган маселе күн тартибине көбүнесе ошол террор аракеттерин ишке ашыргандар же террорчу деп шектелгендер мусулман калктарынан, араб дүйнөсүнөн чыккандар экендигинен улам көтөрүлгөнү жашыруун эмес. Батыш коомунда жогорудагыдай маанай 2001-жылдын 11-сентябрында АКШда жасалган терракттардан кийин күчөгөнү да маалым.

Дүйнө өлкөлөрүндө орун алып жаткан ири терракттардын ар биринен кийин исламдын террорго эч тиешеси жоктугу, аны жасагандар диндин атын булгап жаткандыгы жөнүндөгү пикирлер байма-бай айтылат. Бул жолу да ушундай эле көрүнүш кайталанды. Орусия мусулмандарынын борбордук диний башкармалыгынын жетекчиси, муфти Талгат Таджуддин Башкорстандын башкалаасы Уфадагы жума намаздын учурунда мындай деди:

- Алар эң ыйык нерсеге, биздин мекенибиздеги адамдардын тынчтыгы менен бейкутчулугуна кол салышты. Мындай абийирсиз, уятсыз аракеттерди, күнөөсүз адамдарга кол салууну актоо мүмкүн эмес.

Ал эми Татарстандын баш муфтиси Гусман Исхаки барымтачылар кандайдыр бир динге жатпайт деген пикирде:

- Бул ишти жасагандардын дини да, жүзү да жок. Алар жүзүкаралар. Кудай ушул жамандыкты баштан кечирген адамдарга, өзгөчө туугандарын, балдарын жоготкондорго кайрат берсин.

Казакстандын башкалаасы Астанадагы мечиттин имамы Кайыржан Байырбек уулу болсо барымтачылардын аракети ыйык Курандын насааттарына караманча каршы келээрин айтат:

- Адам баласынын жанына кыянатчылык кылуу жакшы эмес экендиги Куранда айтылган. Куранды окуп, анын түшүнгөн мусулмандардан мындайлар чыгышы мүмкүн эмес. Баарын Исламга алып келип, байланыштыра берүү жарабайт. Мындай учурда дин адамдары мусулмандарга Кудай таалам сабырдуулук берсин деп гана айта алат. Коңшуларыбызда болгон окуяларга биздин да кабыргабыз кайышат.

Ал эми кыргызстандык динаятчы шейх Аллауддин Мансур ислам террордун душманы экенин белгиледи:

- Террордун эң биринчи душманы – Ислам. Исламды жамынып алып, мындай иштерди жасап жаткандар Исламдын душмандары. Алар үчүн Исламды айыпташ туура эмес.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG