Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

ЧЕХТЕРДИН АТА-ТЕГИ ЧЫН ЭЛЕ КЕЛТТЕРБИ?


Ушул тапта Чехиянын президенти Вацлав Клаус Борбордук Азия өлкөлөрүн кыдырууда. Ал Кыргызстанга келгенде өткөн кылымдагы чехтер менен словактар Чүй боорунда уюштурган «Интергелпо» коммунасынын тарыхы менен жакындан таанышаарында күмөн жок. Айтмакчы, өткөн жылы кыргызстандыктар кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдык мааракесин белгилешпедиби. Ушул тапта чехтер да өздөрүнүн тарыхый тамырына кайрадан кылчайып, буга чейин айтылбаган актай барактары тууралуу сөз кылуу аракетин жасап жатат. Алардын айрымдары көөнө ата-тегин славяндар менен чектебестен, байыркы келттерди да өздөрүнүн жотосу деп санашат. Бирок алардын оюна ынабагандар да арбын.

Чехтер өздөрүнүн тарыхый мурастарын бапестеп сактоо жаатында европалык көптөгөн элдер үчүн өрнөк десек жаңылбаспыз. Ал түгүл 1939-жылы 15-мартта нацисттерге согушсуз багынып берген президент Эмил Гаханын (Emil Hacha, 1872-1945) тарыхта өзүн анча-мынча актай турган жалгыз көзүрү – Европанын борборундагы эң ажайып шаарлардын бири саналган Праганы нацисттик “Лүфтваффенин” (аскер аба күчтөрүнүн) ойрондогуч соккусунан аман алып калуу ниети болгон. Эгерде Гаха Гитлердин коркутуп-үркүтүүсүнө моюн сунбаса, анда армиясы бир топ тың болгон чехтер кыйлага чейин такаат кылып согушаары мүмкүн эле, бирок анда алар, балким, Прагадагы орто кылымдардан бери сакталган ажайып аксарайлардан бир нече күндүн, же бир нече сааттын ичинде кол жуумак.

Айтмакчы, совет адабиятынан окуган нерсебиз – чехтердин байыркы славяндарды өз бабасы катары эсептээри тууралуу славянчыл жоромол эле. Арийне, чехтердин айрым бөлүгү байыркы германдыктарды да өз бабалары катары санайт. Бирок австриялык-мажардык оторчулукту да баштан кечирген, немистик нацизмдин азабын көргөн чехтерде бул пикирди өздөрүнө жуутпагандар деле арбын. Ал эми Советтер Биримдиги жетектеген аскердик ынтымак 1968-жылы Чехословакияга танктарды киргизген убактан бери чехтерде славянчыл маанай дагы солгундай түштү.

Ушул тапта байыркы тарыхый бабаларын издөө жаатында айрым чехтердин бүйүрүн кызыткан дагы бир агым күч алып келет. Ал – байыркы келттерди ата-теги катары туткандардын агымы. Бул жараянды айрым серепчилер «келтомания» деп азилдеп атап коюшту.

Чынында да, мындан 2500 жылдай илгери Европанын борбордук бөлүгүн байыркы келттердин ата-бабалары мекендеген. Бул тууралуу Прагадагы Йарослав Йарковский атындагы гимназийдин тарых мугалими Алена Пекна (Alena Pekna) айым мындай деп баяндайт:

- Тек гана тарыхый фактылардын негизинде саякат кылып көрсөк, анда илгерки замандарда бул аймакта байырлаган жана этностук аталышы алгачкы жолу эскерилген эл – келттер болчу. Алардын урууларынын бири бойове деп аталган. Кийинчерээк биздин бүтүндөй бир дубаныбыз бул уруунун аты менен латынча Богемия деп аталып калган.

Пекна айым айткандай, 25 кылым илгери азыркы Чехиянын аймагында германдар менен славяндардын жыты да жок эле.

Ушул сыяктуу факттарды чогултуп, чехтердин бабалары тек гана славяндар менен германдардан турбастан, келттерден да куралган деген идеяны калайыкка кеңири жайылтып жаткан уюмдардын бири – «Келтой» (Keltoi). Аны негиздеген жана жетектеген адам – Вацлав Горак (Vaclav Horak) мырза. Анын айтымында, жакында бул уюм Праганын жанындагы Низбор шаарчасында Келт маданий борборун ачты. Борбор Келт маданий жармаңкесин уюштуруп келет. Анын алкагында кол өнөрчүлөр туристтерге өз өнөрүн көрсөтүп, көөнө келттер согушчан гана болбостон, алардан мыкты усталар жана уздар да чыккан деп далилдөөгө аракет кылышууда.

Айрым генетик окумуштуулардын маалымдашына караганда, кистоздук фиброз (cystic fibrosis) деп аталган укумдан-тукумга өтчү оору чехтерден, галлдардан, ирланддардан жана бретондордон гана жолугат экен. Муну да келтчилер чехтердин байыркы келттик тамыры менен байланыштырууда.

Христианчылыктын алгачкы доорунда азыркы Чехия аймагындагы келттерди герман уруулары келип каратып алып, айрымдарын өздөрүнө жуурулткан. Келттердин көпчүлүк уруулары Европанын батышына жана түндүк-батышына сүрүлгөн. Ал эми алтынчы кылымдын ичинде Чехиядагы германдарды батыш славяндар каратып алган.

Деги, башка чехтер азыркы келтчилердин жоромолуна макулбу?

Кайрадан тарыхчы Алена Пекна айымдын сөзүнө конок берсек:

- Биздин түпкү ата-бабаларыбыз чынында эле славяндар болчу.

Пекна айымдын мындай пикирин колдогон нечендеген чехтерди учураттым.

Деги, коммунизм кулаган 1989-жылдан кийин өзгөчө кулач жайган келтчилик агымы узакка сакталып тура алаар бекен? «Азыркы техника менен технологиянын супсак дүйнөсүнөн жадаган кишилер канчалык көп болсо, ошончолук көөнө тарыхка, анын ичинде келт тарыхына кызыккандар арбын болот», дейт жаш келтчилердин бири Чтверак мырза.

Ал эми Пекна айымдын келтчилерди жактырбаган кайчы пикири төмөнкүдөй:

- Мен мындай деп гана айткым келет. Чынында да булар – романтиктер. Алар азыркы кездеги пост-модерндик стилге азгырылган кишилер. Алардын «чехтер түздөн-түз келттерден таркаган» деген жоромолун кабыл алуу кыйын. Алардын ыкмасын колдонсок, анда Чехиянын ар кыл дубандары үчүн ар кыл жоромол чыгарууга болот. Маселен, Моравияны алалы. Көөнө доордо бул жакка, маселен, түрк-татар тектүү уруу болгон аварлар да чыгыштан келип байырлаган эмеспи!

Бир кезде өздөрүнүн славяндык тамырын тастыктап, бекемдөөгө умтулган чех муундары Чехиянын кайра жаралуу доорунун пайдубалын курушкан. Ал эми азыркы келтчилер болсо, балким, өлкө Европа Биримдигине мүчөлүккө жаңыдан өткөн чакта чехтер менен башка батыш европалык элдердин тарыхый алакаларын өз заманасына шайкеш деңгээлде чыңдоо зарылчылыгын туюп, аны тарых аркылуу бекемдегиси келген чех атуулдарыдыр.

Айтор, келттер гана түгүл, келтчилер да тарыхта калаарында шек жок.
XS
SM
MD
LG