Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Жамаке уулу Дүйшөндүн эстелигине гүлдесте коюлду


ТАЛАС. Таласта билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык көчмө пленуму өттү. Алгач пленумдун катышуучулары облустук билим берүү борборуна жакында эле ысымы ыйгарылган Жамаке уулу Дүйшөндүн эстелигине гүлдестелерди коюшту. Талас университетинде өткөн көчмө бешинчи пленумда акыйкат башкаруу жана социалдык мобилизациялоо жылында билим берүү тармагындагы абал талкууланды. Ар бир облус ушул багытта жүргүзгөн иштери туурасында атайын стенд көргөзмөлөрдү даярдап келишкен, алар боюнча жыйынтык чыгарылды. Түштөн кийин пленумдун катышуучулары Талас шаарындагы мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мектептерде болушуп, окуу тарбия иштеринин уюштуруусу менен таанышышты. Пленумдун соңунда анын катышуучуларынын күчү менен көркөм өнөр тармактары боюнча кароо-сынактын жеңүүчүлөрү да аныкталды.

XS
SM
MD
LG