Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Астанада КМШ мамлекет башчыларынын саммити өтөт


БИШКЕК. 15-16-сентябрь күндөрү Астанада КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын саммити өтөт. Саммитке Кыргызстандын президенти Аскар Акаев да катышат. Бул тууралуу бүгүн президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Астанадагы жыйында коопсуздукка жана туруктуулукка коркунуч туудурган корүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн кызматташтыгын жакшыртуу, бул тармакта КМШ, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жана Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында кабыл алынган макулдашууларды ишке ашыруу маселелери талкууланат. Анда ошондой эле КМШнын алкагындагы көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык маселелери да каралат. Саммит учурунда коопсуздук жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү тармактарында бир катар макулдашууларга, алардын ичинде 2005-2007-жылдарда кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүү боюнча мамлекеттер аралык программа, мыйзамсыз миграцияларды чектөө жана маңзат тармагындагы маселелер боюнча кызматташтык концепциялары кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG