Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

"Кыргызстандын биринчи президенти жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү сунушталууда


БИШКЕК. Депутат Азимбек Бекназаров «Кыргыз республикасынын президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү, толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун жазып, Мыйзам чыгаруу жыйынынын күн тартибине сунуштады. Аталган мыйзам долбоорунда Кыргыз республикасынын мамлекет башчылары тууралуу буга чейин кабыл алынган мыйзамдан Кыргыз республиканын биринчи президенти Аскар Акаевге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө кол тийбестик укугун берүү тууралуу өзгөчө ыйгарым укуктар жазылган төртүнчү бөлүмдөгү беренелерди толук бойдон алып салуу сунушталган. Бекназаровдун айтымында, мындай мыйзам долбоорун палатанын күн тартибине киргизүүгө айырым өкмөтчүл депутаттар каршы болушууда.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин журналисттерге берген маалыматына караганда, мындай мыйзам долбоорун палатанын күн тартибине киргизүү маселеси жакында палатанын жалпы отурумунда ачык добуш берүү менен чечилет.

XS
SM
MD
LG