Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

Террорчулукка каршы митинг өткөрүлдү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги Алатоо аянтында мындан бир нече күн илгери Түндүк Осетияда болгон кайгылуу окуяларга байланыштуу митинг өткөрүлдү. Ага беш миңден ашуун мектеп окуучулары жана студенттер катышты. Ал Кыргызстандын билим берүү министрлигинин демилгеси менен уюштурулду. Митингдин катышуучулары «Терроризмге каршыбыз!», «Биз силер мененбиз, бесландыктар!», "Студенттер терроручулукту айыптайт!" деген плакаттарды кармап турушту. Ошондой эле алар Бесландагы террордук аракеттерден каза болгон атуулдардын жакын туугандарына көңүл айтышып, жер шарында тынчтык болушун каалаган бардык атуулдарды эл аралык терроризмди колдобоого чакырышты. Расмий маалыматтар боюнча Бесландагы террордук аракеттен 330дай киши каза таап, 700дөй адам жаракат алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG