Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

БИШКЕКТЕ ТЕРРОРГО КАРШЫ АКЦИЯ ӨТТҮ


9-сентябрда Бишкек шаарындагы Алатоо аянтында Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы мектепте террордук кол салуудан жапа чеккендердин кайгысын тең бөлүшүп, кандуу окуядан курман болгондорду эскерүү митинги өттү. Ага шаардагы Жогорку окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары жана мугалимдер катышты.

Билим берүү министрлигинин демилгеси менен өткөргөн “Биз террорго каршыбыз!” деген аталыштагы акцияга Бишкек шаарынын 5 миңден ашуун мектеп окуучулары жана студенттер катышты. Алар борбордук аянтка гүлдестелерди коюшту. “Террорго жол жок!”, “Беслан, биз силер менен биргебиз!”, “Студенттер террорго каршы!”,”Балдардын көз жашы төгүлбөсүн!” жана башка ураандар жазылган плакаттарды колуна кармаган жаштар Бесландагы кандуу окуяга боор толгоп, террорчулардын колунан курман болгондорго жан кейитип, аза күтүп турушту.

Бесландагы трагедияда курман болгондорду эскерүү кечесин уюштуруучулардын бири - Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Алтын Исмаилованын айтымында:

- Мусулмандар эч качан балдарга, кары-картаңдарга, ата-энелерге кол көтөрүп, курал аткан эмес. Телерадиодон байма-бай "ислам жан кечтилери" деген туура эмес маалыматтар айтылууда. Биз бул аянтка Бесландагы трагедияга байланыштуу бейкүнөө адамдардын кайгысын тең бөлүшкөнү келдик.

Митингге келген айрым мектеп окуучуларын кепке тартканымда алар буларга токтолду:

-Биз №5 мектепте окуйбуз. Мугалимдерибиз аянтта Бесланга байланыштуу митинг болот дегенде өз каалообуз менен келдик.

- Мен Таалайбек уулу Бакыт. Бесландагы мектепте террорчулардан жапа чеккендерге колдоо көрсөтүү үчүн келдим. Алар коркпосун. Биз аларды колдойбуз.

- Менин аты-жөнүм Бактыяр уулу Данияр. Түндүк Осетиядагы окуучуларга жардам көрсөтүү үчүн, террорчулукка каршылыгымды билдирейин деп келдим.

- Мен №57 мектепте окуйм, ысымым Гүлшаада, атамдын аты Рысбек. Телевизордон көргөзгөнүнө караганда террористер көп балдарды өлтүрүшүптүр. Алар мыкаачылар. Жанкечтилер. Абдан коркунучтуу.

- Шамшидин кызы Гүлнура. Телевизордон көрүп менин аябай жүрөгүм ооруду. Анткени ушундай чоң кишилердин кылганы туура эмес. Кичинекей балдарды кантип өлтүрүштү? Кантип колу барды? Булар мыкаачылар.

Митингге келген балдардын байоо жүзүнөн кооптонуунун, чочулоонун, кайгыруунун жышааны сезилет. Оюнкарак балдар аянтта арыш керип арыбери чуркабай, чоң кишилердей аза күтүп турду. Аянттагы секиде сөз сүйлөгөн чоң кишилерден үмүт этип карашат.

Митингге катышкан Улуттук гвардиянын башчысы Абдыгул Чотбаев бул окуя адамзаттын түшүнө кирбеген кайгы катары кабыл алганын билдирди:

-Мен Ооганстан, Карабах, Тажикистан окуяларына катышып, Ош окуясына күбө болгон адаммын. Өмүр эмне, өлүм эмне экенин билем. Бирок Бесландагы окуядай болот деп, үч уктасам түшүмө кирген эмес. Муну жасаган адамдар адам эмес. Макулук да мындай иш жасабайт. Буга чейин өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн күч аракеттерибизди жумшап келгенбиз. Бул окуядан кийин ички коопсуздукка өзгөчө көңүл бурабыз.

Митингге катышкан Укук коргоочу Турсунбек Акундун пикиринде, “митингге жалаң жаштарды, мектеп окуучуларын чогултуп келбей, жалпы коомчулуктун, шаардагы уюмдардын өкүлдөрү, бийлик башындагылар да катышуусу керек эле. Митингде Беслан окуясын бир жактуу кабыл албай, анын себептерин да айтуу керек болчу”, деген ойдо.

-Бүгүнкү митингдин кеч болсо да өткөрүлгөнүн колдойм. Бирок анын кемчилик жактарына да токтоло кетүү керек. Биринчиден, президенттик администрациядан жана бийлик өкүлдөрүнөн белгилүү адамдар катышса болмок. Экинчиден, митингдеги ураан, плакаттар көбүнчө орус тилинде жазылыптыр. Орусиянын бир губерниясында жүргөндөй сезим калтырат. Үчүнчүдөн, Бесландагы трагедиялуу окуяны күнөөлөбөй, анын чыгыш себептерин, ага күнөөкөрлөрдү да айтыш керек болчу. Чеченстандагы согуш басылбагандыктан Бесландагы кан төгүү болуп атат. Ар бир нерсенин эки тарабын айтсак эл өзү талдайт эле, - деди Турсунбек Акун.

Орусиянын башкы прокурору Владимир Устиновдун билдиришинче, сентябрь айынын алгачкы күндөрүндөгү трагедиялуу окуяда 1200дөн ашуун адам жабыр тарткан, алардын 326 набыт болуп, 727 адам ооруканаларда дарыланууда.

XS
SM
MD
LG