Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:29

Түндүк Кавказда терорризмге каршы күрөшүү борбору түзүлдү


Россиянын ички иштер министри Рашид Нургалиев Түндүк Кавказ республикалары, анын арасында Чеченстанда терроризмге каршы күрөшүү боюнча комиссиянын башчылары дайындалганын президент Путинге билдирди:

-Түндүк Кавказ регионундагы Россия Федерациясынын бардык 12 регионунда жана Чеченстанда терроризм коркунучун жана мыйзамсыз куралдуу топтордун чабуулун алдын алуу үчүн өлкөнүн бул алкагындагы коопсуздук күчтөрүнүн оперативдүү командалык борбору түзүлдү.

Өткөн аптада Түндүк Осетияда болгон кандуу калабада 350дөй адам набыт болгон. Алардын көбү балдар.

Түндүк Кавказ аскерий окуругунда 13-18-сентябрда куралдуу машыгуулар өтөөрүн Россиянын жетекчилиги жарыя кылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG