Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Пакистан армиясы согушчандарга жаңы сокку урду


Пакистандын аба күчтөрү Түштүк Вазиристан провинциясынын Ооганстанга чектеш аймактарында согушчандардын жабыт жайлары деп шектелген жерлерге сокку урду.

Вана шаарчасынын жанына жасалган ракета чабуулунда 50гө жакын согушчан жок кылынганын армиянын өкүлү генерал-майор Шаукат Султан билдирди. Анын айтымында, чабуулдан өзбек, чечен жана арабдар сыяктуу чет элдиктер машыккан окуу борбору ташталкан болду.

Соңку айларда Пакистан армиясы Түндүк жана Түштүк Вазиристандагы ислам согушчулары бар деп шектелген жайларга тез-тез чабуул жасоодо.

XS
SM
MD
LG