Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:34

Терроризм көп элдердин жүрөгүнүн үшүн алган көрүнүшкө айланды. Бул коркунуч сезимдин күч алышы мындан туура үч жыл мурда Кошмо Штаттарында орун алган террордук чабуулдарга барып такалат. 2001-жылдын 11-сентябрында бир күндө 3 миң чакты киши ажал тапкандан кийин, "ал-Каидага" байланышкан же ушул террордук уюм дем берген террордук топторду жок кылуу үчүн дүйнөдөгү көп өкмөттөр күчүн бириктире баштады.

11-сентябрь каргашасы терроризмдин жогорку уюшкандыктагы, каржылык жактан камдуу, кеңири масштабдагы көрүнүш экендигин айгинеледи. Ал душман – "ал-Каида" дале жашап жатат, анын ана башы Осама бин Ладен дале кармала элек. Бирок акыркы үч жылда "ал-каидачылар" 11-сентбярдын деңгээлиндеги жаңы чабуул уюштура алган жок.

Анти-терроризм эксперттери муну терроризмге каршы күрөштүн ийгилиги деп баалашууда. Алардын бири Магнус Рансторп - Шотландиядагы Ыйык Эндрюс университетинин Терроризмди жана саясий зомбулукту изилдөө борборунун директору. Анын ишениминде, бул ийгиликке чалгын иштеринин жакшырышы да салым кошту:

- Кошмо Штаттарынын көз карашынан алганда 11-сентябрдан кийинки аракеттер бир топ эле жемиштүү болду. Дүйнөлүк коалиция пайда болду. Азыр 90дон ашык, 100 чакты өлкө чалгын маалыматы менен алмашып турат.

Чалгын маалыматын алмашуунун натыйжасында үстүбүздөгү жылы Бириккен Араб Эмираттарында жана Пакистанда "ал-Каиданын" жогорку жетекчилери деп шектелген кишилер кармалды. Бирок Рансторптун айтымында, террористтер да жаңы шартка ылайыкташып аракеттенишүүдө. Кийинки мезгилде пландоого жеңил, көп каражатты талап кылбаган чакан чабуулдар көбөйдү. Кошмо Штаттарында 11-сентябрды иликтеген расмий өкүлдөр ал чабуулду даярдап, ишке ашырууга 400-500 миң доллар сарпталганын эсептеп чыгышкан. Буга салыштырмалуу быйыл март айында Испанияда болгон жардырууга исламчыл радикалдар деп шектелген топ 34 миң евро жумшаган.

Террорго каршы согуш көп жылга, балким ондогон жылдарга созула тургандай. Анын жүрүшүндө коопсуздук чаралары күчөтүлүп, чалгын маалыматтарын чогултууга жана полициянын ишин күч алдырууга басым жасалууда. Бирок айрым эскперттер бул согушта жеңип чыгыш үчүн мындай чаралар жетишсиз болоорун айтышууда. Хазем Саги - Лондондо араб тилинде чыгуучу "ал-Хаят" гезитинин саясий комментатору:

- Терроризмди гана бутага албастан, калктын ортоңку катмарын кеңейтип, агартуучулук идеалдарды таркатууга шарт түзүүчү чаралар зарыл.

Албетте буга да көңүл бурулууда. Үстүбүздөгү жылы, өткөн жайда дүйнөдөгү өнөр-жайы эң өнүккөн сегиз өлкөнүн лидерлери "Прогресс жана бирдиктүү келечек үчүн кызматташттык" программасын түзүштү. Программанын максаты Жакынкы Чыгышта жана Түндүк Африкада саясий, экономикалык жана социалдык реформаларга колдоо болуп саналат. Бул демилгенин бюджети аныктала элек, бирок микрокредиттөө, демократияны бекемдөө, майда ишкерлерге жакырчылыктан чыгууга жардам берүү, сабаттуулукту көтөрүү сыяктуу иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Чабуулдарды алдын алып, террористтерди колдогондордун санын азайтуудан тышкары, көптөгөн байкоочулар террорго каршы согушта атуулдук эркиндиктердин тамырын кыркып албоо да маанилүү деп эсептешет.

Отоназар Арипов - Өзбекстандагы мусулмандардын укугун коргоо уюмунун жетекчиси. Ал террорго каршы күрөш Өзбекстанды Кошмо Штаттарына жана анын демократиялык асыл-нарктарына жуукташтырат деп үмүттөнгөн. Бирок коопсуздук операциялары күч алган сайын адам укуктарын коргоо улам кыйындап баратканын байкоодо. Ал Ташкен өкмөтүнө антитеррордук кызматташттыкты өз кызыкчылыгында пайдаланып жатат деген кине койду:

- Өзбекстандын өкмөтү антитеррордук коалицияга катышын, Кошмо Штаттары менен кызматташтыгын жана эл аралык финансылык жардамды демократияга каршы репрессивдүү саясатын күч алдырууга жумшап жатат.

Ал эми антитерроризм эксперти Магнус Рансторптун көз карашында, коопсуздук чараларын эл аздектеген социалдык асыл-нарктардын сакталышы менен айкалыштырбаса, жаңы кыйынчылыктар көпкө күттүрбөйт.
XS
SM
MD
LG