Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:29

ЖЫЛКЫ АСЫЛЫ ТАЙТОРУ


"Бабалардын мурасы" аттуу түрмөгүбүздүн бул жолку жаңы санынан сиздер "Манас" эпосундагы тулпарлардын эң мыктысы, алтымыш асыйында чабылып, калк энеси Каныкейдин намысын колуна алып берген Тайтору жөнүндөгү чакан музыкалык баяндаманы угуңуздар.

"Манас" жомогундагы алтымыш асыйында чабылып, баш
байгени жеңип, калк энеси аталган, жесир Каныкейдин намысын эле эмес, аны өлүмдөн алып калган Тайтору жөнүндө манасчылардын арасында ар кандайча айтылат. Анын биринде тулпар Тайтору Эр Кошойдун Бээжинге минип барган аты, манасчы Жакшылык Сарык уулунун айтуусунда Тайтору Семетейдин биринчи зайыбы Чачыкейдин себи менен кошо келет. Ал эми улуу манасчы Саякбай Каралаевдин вариантында Кошой Манас өлгөндө азага алып келет делсе, каралуу Каныкей качып баратканда калк атасы Бакай жол азгы менен бирге эки ат берет. Ошонун бири Тайтору. Эл, жеринен ажырап, таякеси Ысмайылдын колунда өскөн Семетей он эки жашка чыкканда таятасы Темиркан жээнин кан көтөрөт. Чоң той берет. Тойдо Каныкей Семетейдин келечектеги тагдырын билиш үчүн Тайторуну төлгө катары чабат. Тайтору 60 асыйга чыкса да сын-сапатынан кетпей, күчүнөн, күлүктүгүнөн жанбаптыр. Ал мындайча сүрөттөлүптүр. Айтуучу жаш манасчы Талантаалы Бакчиев:

- Калк атасы карыя,
Кары Кошой абаңыз,
Кармаш кылып жүргөндө,
Асыйында Тайтору
Алышка минген мал экен.
Күйүп жаткан кызыл өрт,
Чокко минген Тайтору.
Кайнаган ысык чөл көргөн,
Кабагы бийик тоо көргөн,
Ашуу ашып, таш баскан,
Анык тулпар Тайтору.
Каралуу калып Каныкей,
Ок өтпөстү кийгизип,
Аса кылып Манаска
Ок жетпеген тулпар деп,
Тайторуну Каныкейге мингизген.
Таластан качып тентиреп,
Көзүнүн жашы мөлтүрөп,
Абам Кошой карыя
Асага берген малым деп,
Анык тулпар ушу деп,
Алтымыш асый кези деп,
Кулжа мойнун төгөрөк,
Туягында тура жок,
Туура тулпар экен деп,
Күрүчтөн күрмөк жем берип,
Күндө терин алыптыр,
Арпадан асыл жем берип,
Айда терип алыптыр.
Ошо кезде Тайтору,
Баскан жерин жемирип,
Ооздугун кемирип,
Көкүлүн көккө ыргытып,
Чын этине келгенде,
Туягын жерге мыкчытып,
Кара болот ооздук
Көмөкөйдө карышып,
Булчуң эттин баарысы,
Сөөгүнө жабышып,
Кыпкызыл болуп, көз жайнап,
Качыратып тиш кайрап,
Тайтору аттын сыны бул;
Сай салып жүнү бөлүнүп,
Чуркаар түрү көрүнүп,
Каныкейдин көзүнө
Кап тоосундай көрүнүп,
Аркалаган буудан деп,
Атам Кошой карыя
Асага берген буудан деп,
Төлгө кылган Тайтору.
Тулпарлыгын көргөн соң,
Аркайган тиги Алатоо,
Жерди кудай көргөзсө,
Ак калпак кыргыз, мураа журт,
Элди кудай көргөзсө,
Бир жакшылык туур деп,
Ушу бүгүн Тайтору
Жесирлик күндү жуур деп,
Мөрөйгө чаап байге алган,
Букардагы коргондо
Алтымыш асый болгондо,
Коо бузуп байге алган,
Жер жарылып дуу болгон,
Асман жарган чуу болгон,
Кырсык чечип, көздү ачкан,
Тайторунун сыны ушул.
XS
SM
MD
LG