Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

ШАХ МАСУДДУН АРБАЙЫ ТАЛАШКА ТҮШТҮ


Кабулда мурдагы түндүк альянстын колбашчысы генерал Ахмад Шах Масуддун арбайын эскерген жыйын болду. Ага жыйырма миңдей киши катышты. Андан бир күндөй мурда Ооганстанда ырасмий түрдө президенттик шайлоо өнөктүгү башталган эле. Байкоочулар талапкерлердин арасында атактуу генералдын аброюн пайдалангысы келгендер көп экенин айтып жатышат.

Кабулдагы азан-казан эл катышкан жыйында президент Хамид Карзай сөз сүйлөдү. "Бейиши болгур Масуд, Ооганстандын улуттук баатыры - каршылык көрсөтүү кезеңиндеги жана ыйык согуш маалындагы эң чыгаан, саралуу жолбашчылардын бири эле", деп айтты Карзай. Андан ары ал Масуддун чет элдик баскынчы күчтөргө каршы жыйырма жылдан ашуун каармандык менен күрөшкөнүн белгиледи.

Ахмад Шах Масуд 2001-жылы сентябрда, Нью-Йорктогу террордук касиреттерден бир нече күн мурда киши колдуу болуп өлгөн эле. Соңку үч жылдын ичинде ал жалпы улуттук масштабдагы тарыхый улуу ысымдардын бирине айланды. Генералдын сүрөттөрүн көзгө урунтуу бардык жерлерден, айрыкча Кабулдун көчөлөрүнөн кадам сайын көрүүгө болот. Америкалык белгилүү эксперт Анатол Левин көзү өткөн атактуу көп адамдар сыяктуу эле Масуддун ысымы азыр өз таламдарын көздөгөн ар кошкон саясий топтордун арасында талашка түшүп жаткандыгын белгилейт.

Генералдын арбайын эскерүү каадасы бу жылы өлкөдө президенттик шайлоо өнөктүгү жаңы эле башталган учурга туш келди. Ошол себептен Левин Кабулдагы жыйында Карзайдын сөзү өтө маанилүү болду деп эсептейт. Карзай муну менен өзүн жалаң пуштундардын гана өкүлү деп санабай тургандыгын, тескерисинче, Масуддун мурастарын да аздектээрин ”панжерлик арстандын” мурдагы саясий оолаттары менен азыркы тарапкерлерине кайрадан ишаара кылды. Мындан тышкары ал генералдын экинчи бир инисин – Ахмад Зия Масудду - өзүнүн вице-президенттигине талапкер кылып тандап алганы да, Левиндин баасында, саясий жактан жетик чечим болду.

Карзайдын негизги атаандашы деп байкоочулар мурдагы түндүк альянстын белгилүү өкүлү, өлкөнүн мурдагы билим берүү министри Юнис Канунини айтышууда. Кануни генерал Масуддун ары улутташы, ары жердеши эле эмес, көп жыл бою анын эң жакын жардамчысы болгон. Канунини талапкер катары шайлоодо Масуддун башка бир иниси – Ахмад Вали Масуд жетектеген партия сүрөөнгө алып жатат. Вали Ооганстандагы бир дагы саясий топ же партия атактуу генералдын атына жамынып, анын аброюн пайдаланганга акысы жок деп билдирди. ”Менин агам – Шах Масуд – жалгыз-жарым бир тайпанын эмес, жалпы оогандыктардын эркиндиги жана азаттыгы үчүн өмүрүн сап кылган”, деп айтты ал.

Бирок президентикке талапкерлердин арасынан панжерлик динаятчы Абдул Хафиз Мансур өзүн генерал Масуддун бирден-бир мыйзамдуу шакирти деп атады. ”Бу шайлоодо бир гана мен ыракматы Масуддун өкүлү жана талапкери боло алам”, деп айтты ал өзүнүн жактоочуларына.

XS
SM
MD
LG