Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:49

ЭКИ КОРЕЯНЫН ӨЗӨКТҮК ИЗИЛДӨӨЛӨРҮ


Нарын АЙЫП, Прага Түндүк Кореянын өзөктүк изилдөө программасынын айланасында эки жылдан бери уланып келаткан чатак акыркы күндөрдө ого бетер күчөдү. Пхеньянды андай изилдөөлөр үчүн күнөөлөп келген Түштүк Кореянын өзүнүн дагы уран менен плутонийди байытуу боюнча тажрыйбасы бар экени ачыкка чыкты жана Пхеньян эми Америка Кошмо Штаттарын кош стандарттыктан күнөөлөдө.

Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу эл аралык келишим боюнча, ага кол койгон мамлекеттер кандайдыр бир өзөктүк сыноо өткөргөндө, ал тууралуу Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттикке билдирүүгө тийиш. 2-сентябрда Түштүк Корея өкмөтү - 2000-жылы өкмөттүк ишкананын илимпоздору уран байытуу боюнча сыноо өткөргөнүн мойнуна алды, бир аптадан кийин болсо, 9-сентябрда - 1982-жылы дагы плутоний байытуу боюнча тажрыйба болгону ачыкка чыкты.

Кубат агенттиги азыр бул окуялар боюнча атайын иликтөө баштады, түштүк кореялык өкмөттүн айтымында болсо ал изилдөөлөрдү окумуштуулар өкмөткө айтпастан өз демилгеси менен жүргүзгөнү жана ал билинээри менен иштер токтотулганы тууралуу айтууда. Аны менен катар, ал изилдөөлөр аскерий эмес багытта болгону дагы өзгөчө белгиленүүдө.

Анткен менен Түндүк Кореянын Бириккен Улуттардагы өкүлүнүн орун басары Хан Соң Рйол 8-сентябрда атайын билдирүү жасап, Түштүк Кореянын мындай аракеттери региондо өзөктүк курал чыгаруу атаандаштыгын пайда кылышы мүмкүн деп жарыялады.

Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк курал чыгаруу программасын кайрадан жандантканы мындан эки жыл мурда, 2002-жылдын октябрында ачыкка чыкканда, дүйнөлүк коомчулук аны дароо сынга алып, Пхеньянга эбегейсиз басым жасай баштаган жана ал тууралуу көп тараптуу сүйлөшүүлөр эмгиче уланууда. Анткен менен Түндүк Корея эл аралык келишимден 1993-жылы чыгып кеткен, ошондуктан, үстүртөн караганда, аны бузган жок. Бирок Вашингтон менен Пхеньян ортосунда башка да келишимдер бар болчу жана ошолор бузулууда.

Лондондо жайгашкан Стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти Гэри Сэймурдун айтымында, 1980-жылдардын башында АКШ менен Түштүк Корея ортосундагы мамилелер бир кыйла татаал болчу, ошондуктан Түндүк Кореядан чыккан коркунучка даяр болуш үчүн Сеул өзөктүк изилдөө жүргүзгөнүн түшүнсө болот. Бирок ал Вашингтонго белгилүү болоору менен маселе чечилген:

- Америка Кошмо Штаттары андай изилдөөлөр жөнүндө билип калып, дароо саясий басым жана башка чаралар менен ал өзөктүк программаны башталыш табында эле токтоткон.

Аны менен катар, Сэймурдун айтымында, өзөктүк изилдөө жүргүзүүгө Түштүк Кореяга тыюу салынбайт, алар аскерий максатта гана болбош керек:

- Өзөктүк куралды жайылтпоо келишими боюнча, өзөктүк заттар менен Түштүк Корея изилдөө жүргүзө алат. Бирок андай иштер аскерий максатта эмес экенин кепилдөө үчүн алар тууралуу Өзөктүк кубат боюнча агенттикке дароо билдириш керек. Ошондуктан изилдөөлөр менен мыйзам бузулган эмес, бирок алар тууралуу билдирилбеген менен мыйзам бузулган.

Алманиянын Гамбург шаарындагы Азия маселелери боюнча институттун эксперти Патрик Көлнердин пикиринде болсо, Пхеньяндын ачууланганын да түшүнсө болот:

- Түндүк Кореянын турумунан алып караганда, мунун баары кош-стандарттык болуп көрүнөт. Түндүк Кореянын өзөктүк изилдөөлөрүнө Вашингтон абдан катуу мамиле кылган, Түштүк Корея тууралуу маалыматтарга болсо ал көңүл бурбаган сыяктуу.

Көлнердин пикиринде, бул акыркы окуялар эми Түндүк Корея боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдө Пхеньяндын турумун бир кыйла күчөтүшү мүмкүн.
XS
SM
MD
LG