Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

"ИТААЛЫ" УЛАМЫШЫ ЖАНА АНЫН ТАРАЛЫШ ГЕОГРАФИЯСЫ


Кыргыз мифологиясында айтылган "Итаалы" өлкөсү туурасындагы уламыштын таралыш географиясы кенен. "Итаалы" жөнүндөгү маалымат орто кылымдагы монголдордон тарап алтай элдери арасында сакталып калган.

Кыргыз мифологиясында "Итаалы" өлкөсү туурасында миф жана Итаалы деген түшүнүк бар. Ал миф боюнча анда аялдар менен эркектер чогуу жашашат. Кызыгы, ал жердин эркектери ит кейиптүү.

Итаалы жөнүндөгү образдуу маалымат "Манас" эпосунда сакталып калган. Манас баатыр 600 мергенчини аңчылыкка жөнөтүп, аңдан мол олжо менен кайткан адамдардын көпчүлүгүн жалгыз көздүү желмогуз кармап алып, үңкүргө камайт. Аңчылардын бири - Куту мерген жалгыз көз дөөнү көзгө атып, үңкүрдөгү адамдар туш-тарапка качышат. Алардын бири жер кезип, каңгып жүрүп "Итаалы" өлкөсүнө келет. Ал адамдын айтымында мындагы аялдар теңдешсиз сулуу келип, ал эми эркектери ит кейиптүү болушкан.

Кыргыз элинин мифинне окшогон жомок алтай калктарынын арасынан жазылып алынган. Алтай жомогунун биринчи бөлүгү кыргыз мифологиясындагы жалгыз көздүү желмогуз сюжетине далмадал келет. Анын экинчи бөлүгүндө сулуу аялдардын эрлери ит-эркектер экендиги айтылат. Мындагы эркектердин башы иттин башы болуп, алардын душманы катары Кыргыз аттуу жалгыз көз киши жегич дөө эскерилет. Алтай жомогундагы ит баштуу эркектердин душманы катары, жалгыз көздүү киши жегич Кыргыз деген дөөнүн айтылышы, кыязы алтайлыктардын кыргыздарга карата болгон жек көрүү сезимин билдирсе керек. Кыргыз калкынын IX-Х кылымдардагы улуу дөөлөт мезгилинде Алтай аймагын каратышып, мындагы калктар аларга кыштым абалында баш көтөрбөй албан, салыктарды төлөп турушу, алтайлыктар арасында жалгыз көз, киши жегич, желмогуз Кыргыздын образын жараткан шекилди.

Ушундай эле мифтик сюжетке окшогон уламышты орто кылымдагы европалык саясатчы Плано Карпини монгол-татарлар арасынан жазып алган. Анын маалыматына ылайык, татарлар киши түспөлдүү ыпаңы суук аялдар менен итке окшош эркектердин өлкөсүнө барышкан.

Демек, ит кейиптүү эркектер туурасындагы мифтик сюжеттин мезгилдик алкагы жана географиялык мейкиндиги кыргыз элинин байыркы тарыхынын Борбордук Азия эпостору менен болгон алакасынан кабар берет.
XS
SM
MD
LG