Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:32

11-сентябрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин берген маалыматына караганда, 11-сентябрда республика боюнча аба ырайында өзгөрүүлөр болбойт. Жумшак жел жүрөт.

Абанын температурасы:
ТАЛАС дубанында түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28 градус жылуу.
ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33 градустун айланасында ысык болсо, ал эми тоо этектеринде түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27 градус жылуу болушу күтүлөт.
НАРЫН облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +23…+28.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда +7…+12, күндүз +21…+26 градус жылуу.
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32 градус.
Борборубуз БИШКЕКТЕ күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +28…+30 градус.

Кыргызстандын соңку жаңылыктарын Бурулкан Турдубек кызы, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG