Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:01

Нарында ресурстук маалымат борборлору түзүлүүдө


НАРЫН. Бүгүн Нарында «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мүмкүнчүлүгүн күчөтүү аркылуу ишкердик чөйрөнү өнүктүрүү» аттуу регионалдык кеңешме болду. Анда президенттик администрациясынын «Өнүгүүнүн комплекстүү негиздери» программасы боюнча катчылыгынын башчысы Жетиген Бакиров жакырчылыкты жоюу боюнча улуттук стратегияны мындан ары жакындан алга жылдыруу үчүн жер-жерлерде ресурстук маалымат борборлорe уюшулуп жаткандыгын кабарлады. Анын айтымында бул борбор программаны жүзөгө ашырганга жагымдуу шарт түзөт. Бирок кеңешменин айрым катышуучуларын мындай маалымат канааттандырган жок. Маселен, Атбашы районунан келген Рахат Токталиевдин айтымында, программа элге жетпей жатат. Анын башкы себеби программа жөнүндө элетте түшүнүк жокко эсе.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG