Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:46

Ошто үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси талкууланды


ОШ. Жыйындын жүрүшүндө Ош облусунун губернаторунун социалдык иштер боюнча орун басары Светлана Бостонова көп аял алуу жана катталган нике менен турмуш куруу өнөкөттөрү жайылып бара жаткандыгын айтып, тынчсызданды. Ал эми республикалык "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова айрыкча түштүк аймагында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан улам үйдөн качып көчөдө калган балдардын санынын көбөйүп жаткандыгын белгиледи. Жергиликтүү кризистик борборлордун өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, мурда аталган мекемелерге зордук-зомбулуктан жабырланган аялдар көп кайрылып келген болсо, учурда үй-бүлөлүк чыр-чатактардан жабыркаган эркектер да жардам сурап кайрыла башташкан. Буга мисал катары Бүбүсара Рыскулова өткөн жылы республика боюнча өз өмүрүн кыюуга барган 630 мисалды келтирди. Семинар кеңешменин аягында өкмөткө үй-бүлө маселелерине мамлекеттик жогорку деңгээлде көңүл бурууну сунуштаган чечим кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG