БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүн жергиликтүү кеңештерге өтүүчү шайлоолорго байланыштуу Борбордук шайлоо комиссия башчысы Сулайман Иманбаевдин маалыматын укту. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы өз сөзүндө жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди каттоо 15-сентябрда соңуна чыга тургандыгын маалымдап, айрым жерлерде депутатыкка талапкерлер аз катталып жаткандыгына тынчсыздангандыгын билдирди. Ошондой эле Сулайман Иманбаев шайлоо комиссияларын түзүүгө өлкөдө расмий каттоодон өткөн 42 саясий партиянын ичинен 8-партия гана катышып, калган партиялар шайлоого активдүү катышпай жаткандыгын эскерте кетти. Жыйын соңунда депуттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен токтом долбоорун иштеп чыгуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын аппаратына тапшырылды. Кворумдун жоктугунан токтомду кабыл алуу дүйшөмбү күнгө жылдырылды.