Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:56

Мыйзам чыгаруу жыйыны салыктын өлчөмүн азайтууну сунуштоодо


БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйыны өлкөдөгү таза пайдадан жана ар бир атуулдун жеке кирешесинен алынуучу салыктын өлчөмүн 20 пайыздан 10 пайызга төмөндөтүүнү сунуштоодо. Мындай чечим Мыйзам чыгаруу жыйынынын салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча жана Бюджет жана финансы комитеттеринин кошмо жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу «Азаттыктын» кабарчысына Мыйзам чыгаруу жыйынынын салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча комитетинин башчысы Акылбек Жапаров маалымдады. Анын айтымына караганда, эгерде аталган салыктардын өлчөмү азайтылса, салык төлөөдөн качкан атуулдардын саны кысарып, өлкө казынасына жылына 300 миллиондон 500 миллион сомго чейин таза киреше түшөт. Мындай маселе жакынкы күндөрү Мыйзам чыгаруу жыйынынын палатасында каралып, өкмөткө сунушталат деп кошумчалады депутат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG