Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:59

ЮСАИД электр кубатын үнөмдөөгө жардам берүүнү көздөөдө


БИШКЕК. 13-сентябрда Бишкекте электр кубатына кеткен чыгымдарды азайтуу усулдарына арналган тегерек үстөл талкуусу өткөнү жатат. Мындай маалымат бүгүн энергетика боюнча мамлекеттик агенттикте өткөн басма сөз жыйынында кабарланды.

Эки күндү камтый турган бул тегерек үстөлдү АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча (ЮСАИД) агенттиги каржылайт. Ага парламенттин, өкмөттүн, энергетика тармагынын, эл аралык каржы институттарынын, бейөкмөт уюмдардын 50дөн ашык өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө. Мындай иш чараны уюштуруучулар электр кубатын пайдаланууда ашыкча чыгымдардын жана уурулуктун көп болуп жатышы менен негиздешүүдө.

Мындай мамиле электр кубатына баанын өсүшүн, жабдуудагы үзгүлтүктөрдү жана электр кубаты үчүн акыны өз убагында төлөгөндөрдүн негизсиз жабыркашына алып келүүдө. Адистердин айтымында, электр кубатын пайдалануудагы жоготуулар республика боюнча 40%тан ашык.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG