Европа парламенти бүгүн Брюссел шаарынан билдиргенге караганда, 23-сентябрда Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Брюсселге келип, Европарламенттин жетекчилери менен жолугат. Октябрда Европа Биримдиги - Түркияны уюмга алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо же баштабоо тууралуу чечим кабыл алууга тийиш. Уюмга кирүү арызын Түркия 1987-жылы берген жана 1999-жылы ага талапкер өлкө деген макам берилген.