Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Пакистандын түштүгүндө элүүгө жакын согушкер өлтүрүлдү


Пакистандын аскерий жетекчилигинин айтымында, өлкөнүн Түштүк Вазиристан дубанында куралдуу кагылышуулар болду. Кечээ күнү согушкерлердин аскерий базасы абадан бомбаланды, элүүгө жакын адам өлдү, бүгүн дагы алты адам өлтүрүлдү. Коргоо министрлигинин өкүлү генерал Шаукат Султандын айтымында, алардын көпчүлүгү чет өлкөлүктөр болуп чыкты. Бирок базага жөө аскерлер киргизилген жок. Анткен менен акыркы күндөрдө Түндүк жана Түштүк Вазиристанда 70 миңге жакын өкмөттүк аскер топтолду.

XS
SM
MD
LG