Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:14

Казакстанда коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө


Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары Владимир Божко бүгүн парламенттин сессиясында сүйлөп, өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү жөнүндө билдирди. Мындай чаралар Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы барымтадан кийин көрүлүүдө, анткени ага казак жарандары да катышкан деген маалымат бар.

Андан тышкары, өзбек өкмөтүнүн айтымында, июлда Ташкен шаарында ишке ашырылагн үч террор аракети Казакстандын аймагында даярдалган. Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын бир кинотеатрында болсо жакында жарылуучу зат табылды жана аны казактар койгон деген шек бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG