Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:34

Австралия өкмөтү террорчулардын талабын четке какты


Австралия премьер-министри Жон Говард бүгүн атайын билдирүү жасап, кечээ күнү Индонезиянын борбору Жакарта шаарындагы Австралиянын элчилигинин алдында ишке ашырылган жардыруу сыяктуу террор аракеттери дагы болушу мүмкүн деп жарыялады. Говарддын айтымында, Австралия террорчулардын талаптарын аткарбайт:

- Биздин Ирак маселесин чечүүгө катышканыбызды караштырып көрсөк, ар башка адамдын пикири ар башка жана мен андай айырмачылыкка баа берем. Бирок террорчулардын талаптарын аткарууга көнгөн күн биздин келечегибизди өзүбүз аныктагандан баш тартып, багынган күнүбүз болот.

Жардыруудан тогуз адам набыт кетип, дагы жүз сексенге жакын киши жараат алган. Террор аракети үчүн жоопкерчиликти алган "Жемма Исламия" уюму австралиялык аскерлердин Ирактан чыгарылышын талап кылды. Өлкө Иракка 850 аскер жиберген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG