Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:58

АМАНАТЧЫЛАР КЕЗЕКТЕГИ НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯСЫНА ЧЫГЫШТЫ


Азиза Турдуева, Бишкек «Рентонгрупп» ишкана жетекчилигине алданган 300дөн ашуун атуулдар бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы менен жолугушууну талап кылышты. Пикетке чыккан аманатчылар өткөн жылдан бери алардын көйгөйү чечилбей келгендигине нааразычылык билдиришип, ишканага алдаткан акчалары кайтарылбаса, нааразылык акциялары улантыла берилээрин билдиришти.

«Рентонгрупп» компаниясына акчаларын алдаткан 400гө жакын аманатчылар 10-сентябрда эртең менен адегенде Бишкек шаарындагы Максим Горький атындагы аянтчага чогулушту. Андан соң алар Жогорку Кеңештин имаратынын алдына барып, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев менен жолугушууну талап кылышты. Нааразылык акцияга чыккан аманатчылар өздөрүнүн көйгөйлөрүн төмөнкүдөй билдирип жатышты:

- Биздин акчаларды алып, пенсионерлерди тоноп алышты. Азыр бизде жашоого акча жок. Башка өлкөлөрдө карыган адамдарды - пенсионерлерди жакшы карашат экен. Бизде болсо тескерисинче, кайра алдап, акчаларын алып тоношот, Биздин акчаларыбызды кайрып бермейинче, биз нааразылык акцияларын уланта беребиз, - деп жатышты пикеттин катышуучулары.

Улуу Атамекендик согуштун ардагери Григорий Докучаев пикетке келгендиги жөнүндө:

- Акча алуу үчүн келдик. Бизге акчаларыбызды кайтарып беришсин. Бул алдамчылар бизди тоноп кетишти, - дейт.

Ал эми 68 жаштагы пенсионер Антонина Игнатьева мындай пикирин айтты:

-Бизди бир тыйынсыз калтырышты. Алардын баарынын уяттары жок. Өкмөттү мен мамлекеттик мафия деп гана атай алам. Эмне үчүн биз депутаттарды шайлайбыз? Карапайым адамдарды алдоо үчүнбү?

Алар ошондой эле «Рентонгрупп» компаниясына карата Ички иштер министрлиги тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча Бишкек шаарынын 1-май райондук сотунда каралып жактан сот иши натыйжа бербей жаткандыгы жөнүндө да айтышты. Буга байланыштуу аманатчы Алевтина Михайлова:

- Сот бизге каршы болуп жатат. Алар «Рентогрупптун» баалуу кагаздары лицензиясыз болгон деп айтышууда. Эмне үчүн анда аларды чыгарууга уруксат берилген? Алар «Рентонгрупп» банкротко учурагандыгын май айында эле билишкен. Бирок август айына чейин бул ишканага акчаларды кабыл алууга уруксат берилген.

Ал эми Клавдия Белова жогорку бийлик өкүлдөрүнө карата нааразылыгын мындайча билдирди:

- Мен биздин республдикада кожоюн жок деп эсептейм. Жок. Мен элди алдаган мамлекетте туулганыма намыстанам.

Алардын айрымдары болсо алдаткан акчалары кайтарылып берилерине толук ишене албай тургандыктары жөнүндө айтышты:

-Менин аты-жөнүм Дүйшөн Сооронбаев, кемпирим экөөбүздүн чогуу жашаганыбызга 50 жыл болуп калган экен, ошону белгилеп койолу деп биз дачабызды сатып, акчабызды «Рентонгрупп» ишканасына салган элек. Эми бир тыйын акчабыз жок калдык. Акчабызды ала алабызбы же жокпу,-белгисиз. Ким билет?

Пикетчилердин алдына сатт 11ге жакын Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Николай Байло чыгып, алар менен сүйлөштү. Ал «Рентонгрупптун» аманатчыларынын маселеси палатанын күн тартибине киргизилгендигин маалымдады. Депутат Байло ошондой эле палатада бул маселенин каралышын тездетилишине аракеттенээрин билдирди.

Өткөн жылдары өлкөдө кудуреттүү ишканалардын бири катары белгилүү болуп калган «Рентонгрупп» компаниясынын аманатчылары бул ишканага алданып калгандыгы тууралуу өткөн жылдын жайында, компаниянын жетекчиси качып кеткенден кийин билишкен. Жалпысынан «Рентонгрупп» ишканасына алданган аманатчылардын саны 2 миңге чукул.

XS
SM
MD
LG