БИШКЕК. АКШ мамлекеттик департаменти Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоо максатында Operation Provide Hope долбоорунун алкагында сентябрь айы ичинде материалдык-техникалык колдоо көрсөткөнү жатат. «Кабар» агенттиги тараткан маалыматка караганда, бул программанын алкагында ар бир облус үчүн 15 контейнерден медициналык жабдуулар бөлүнмөкчү. Жардамдын тутумунда медицинага керектелчү ар кыл материалдар, керебет, жыгач-таш, медициналык аспаптар, кийим-кече, оорулууну багууга зарыл буюмдар бар. Гуманитардык жардамдын көлөмү 300 тонна жана наркы 7 млн. долларга жетет.