Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

Кыргыз өкмөт башчысы менен Кытай өкмөтүнүн өкүлү жолугушту


БИШКЕК. Кытай мамлекеттик кеңеш төрагасы Вэнь Цзябаонун Кыргызстанга сентябрдын этегинде жасай турган расмий сапарын кечээ премьер-министр Николай Танаев менен Кытайдын коммерция боюнча министринин орун басары Фу Цзыи Бишкекте талкуулашты.

Кытай өкмөт башчысынын сапарында соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө программага кол коюлушу күтүлүүдө. Жолугушууда белгиленгенге караганда программага Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушу да киргизилди. Ошондой эле Кытай мамлекеттик кеңешинин төрагасынын сапарынын алкагында Кытай өкмөтү буга чейин грант түрүндө берген 50 млн. юань каражат боюнча протоколго да кол коюлат.

Жолугушууда белгиленген маалыматтарга караганда, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылы 101,1 миллион долларды түзгөн. Ал эми быйылкы жылдын алгачкы алты айындагы соода жүгүртүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 40% өскөн.

XS
SM
MD
LG