Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:21

Кыргыз-өзбек чегарасынын дагы 22 чакырымы такталды


БИШКЕК. "Ушул апта ичинде Ташкенде өткөн кыргыз-өзбек чегарасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму учурунда талаштуу Шахимардан аймагы өзүнчө маселе катары каралган жок". Мындай пикирин тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева «Азаттыктын» кабарчысына билдирди. Анын айтымында, бул маселе талкуулай турган 43 участоктун катарында, планга ылайык келечекте каралат.

Мындай пикирин Лидия Иманалиева ушул аптанын башында Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында козголгон маселеге байланыштуу суроого ылайык жооп берди.

Эске сала кетүүчү маалымат: апта башында өкмөттүн маалыматын уккан отурумунда парламенттин айрым мүчөлөрү Шахимардан маселесин көтөргөн. Бул отурумда премьер-министр Николай Танаев Шахимардан Кыргызстанга таандык экендигин, бул аймакты чечүү үчүн Өзбекстан тарап менен сүйлөшүүлөр эки жылдан бери жүрүп жатканын белгилеген.

Кыргыз-өзбек чегарасын тактоо боюнча акыркы отурумда Кыргызстан тараптан делегацияны Лидия Иманалиева жетектеп барды. Анын айтымында, бул жолугушууда чегаранын дагы 22 чакырымы такталды. Кыргызстан менен Өзбекстандын жалпы чегарасынын узундугу 1295 чакырым.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG