Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:55

ДҮЙНӨ ЭЛДЕРИ КАРГАШАЛУУ 11-СЕНТЯБР ОКУЯЛАРЫН ЭСКЕРЕТ


Бүгүн (ишембиде) бүткүл дүйнө жүзүндө мындан үч жыл илгерки каргашалуу окуянын курмандыктарын эскеришти. 2001-жылдын 11-сентябрында Кошмо Штаттарга жасалган террордук чабуул 3 миңдей бейкүнөө кишинин өмүрүн алган. Эл аралык коомчулук да ошол окуядан соң азыркы тарыхты 11-сентябрга чейинки жана андан кийинки деп эки баскычка бөлүп калды. Бүгүн да көптөгөн өлкөлөр террорчулуктун оор кесепетин баштан кечирүүдө.

Бүгүн 2001-жылы 11-сентябрда алааматтуу окуялар орун алган жайларда, - АКШнын Нью-Йорк жана Вашингтон шаарларында, ошондой эле террорчулар тарабынан айдап качырылган учактардын бири кыйраган Пенсилвания аймагында, - террорчулуктун бейкүнөө курмандыктарын эскерүү жөрөлгөлөрү өткөрүлдү.

Нью-Йоркто Дүйнөлүк соода борборунун көк мелжиген эгиз имараты кыйраганда өмүрүнөн ажырагандардын ысымдары окулду. Алардын арасында өрт өчүргүч кызматтын өкүлү, 54 жашар Питер Ганси (Peter Ganci) да бар болчу. Маркумдун ысымы кийинчерээк Бишкектин Манас аба майданындагы америкалык аскер аба базасына берилген.

Нью-Йорк шаар акими Майкл Блумберг эскерүү жыйынында сөз сүйлөдү. Шаар акими террорчулуктун айынан өз бала-чакасынан айрылып, оор жоготууга учураган ата-энелердин кайгысын сөз менен сыпаттап берүү мүмкүн эмес деп айтты.

Жалпысынан, 2001-жылдын ошол кайгылуу күнү исламдын атын жамынып жасалган террордук чабуулдун үч жылдыгы дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө ар башка деңгээлде белгиленди. Австралияда, маселен, Кошмо Штаттардагы бул террордук иш-чаранын курмандыктары гана эмес, ушул бейшембиде Индонезиянын ордо шаары Жакартадагы Австралия элчилининин имаратынын жанында жүзөгө ашырылган террордук жардыруудан жапа чеккендер да эскерилди.

Бүгүн Сиднейде маалымат жыйынын өткөргөн премьер-министр Жон Ховард (John Howard) австралиялык элчиликтерде коопсуздук чаралары күчөтүлөөрүн жана террорчулукка каршы күрөш улантылаарын айтты:

Пакистанда болсо радикал исламчы топтордун бири дал ушул үч жылдык белгиленген күнү «Кошмо Штаттар Ирактан чыгып кетсин!» деген ураан менен жыйын өткөрдү.

Ооганстанда калайыктын маанайы ар кыл болду. Көпчүлүгү талиптик режимдин ойрон болгонуна канааттанганын айтса, кээ бирлери изин таптырбай жашырынып жүргөн Осама бен Ладенге колдоо көрсөткөн пикирлерин билдиришти. Ал эми Чахар Асйаб жергесинде жашаган Канд Ага деген меш куруучу Согушту жана тынчтыкты баяндоо институтунун кабарчысы менен баарлашып: «Осама бен Ладен – Кошмо Штаттардын кишиси, аны АКШ азыркыга чейин көзөмөлдөп-жетектеп турат», - деген оюн билдирген.

Ал эми келээрки айда Ооганстанда өткөрүлө турган президенттик шайлоого талапкердигин койгон азыркы мамлекет башчы Хамид Карзай эгерде бул кызматка кайра шайланса, анда Ооганстан коопсуздугу анын башкы маселеси болоорун бүгүн билдирди.

Эскичил диниятчылардын колунда болгон Ирандын өкмөттүк сыналгысы «Кошмо Штаттар сентябрдагы террордук чабуулду шылтоо кылып, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө кол салуу аракетин кылууда» деп бүгүн Вашингтонду айыптап чыкты.

Ал эми мысырдык күндөлүк гезит «Нахдат Мыср» болсо ишембилик санында «сентябр окуяларынан кийин чыныгы жеңилген тарап – америкалыктар эмес, арабдар болду» деп жазып чыкты.

Иракта бүгүн да коогалаңдуу кырдаал сакталууда. Басра шаарындагы америкалык консулдуктун имаратынын жанында жардыруу болуп, бери дегенде бир киши өлдү.

Кыргызстанда 11-сентябрдагы алааматтан кийин коңшу Ооганстандагы талиптик режим ойрон болгонуна жана Борбордук Азиянын коопсуздугу чыңдалганына өзгөчө баа берилүүдө. Адистер менен саясатчылардын айтымында, бул окуядан кийинки өзгөрүүлөр Кыргызстандын коопсуздугун чыңдоого өбөлгө болду.

Маселен, жергиликтүү адистер (профессор Жолборс Жоробеков ж.б.) кыргыз армиясы чабал кезде - 1999- жана 2000-жылдары жайында өлкөгө кол салган сырткаркы террордук күчтөр 2001-жылдын 11-сентябрынан кийинки мезгилде Ооганстандын өзүндө ооздукталганын, Кыргызстанда америкалыктардын жетегиндеги коалициялык күчтөрдүн Ганси аскер аба базасы жайгаштырылганын, Орусия да Кант шаарында өз базасын негиздегенин оң жагдайлар катары белгилешет.

1999-жылы өздөрүн «Өзбекстан исламдык кыймылынын мүчөлөрү» деп атаган жоочулардын бир тобунун барымтасында калып, бошотулган кыргыз атуулдарынын бири - мурдагы Баткен районунун акими Абдыракман Маматалиев. Ал «Азаттык» үчүн курган маегинде бул уюм иш жүзүндө Осама бен Ладенге жана талиптик режимге таянган эл аралык террордук тармактын бир бөлүгү болгонун баса айтат:

- Ошол уюмдун курамында жалаң эле өзбектер болгон эмес. Анда пакистандыктар, чечендер жана арабдар да бар болчу. Бул – эл аралык террорчул уюм деп айтсак болот.

Ал эми Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы барымтачылыктын оор таасиринен кутула элек Орусияда өкмөт террорчулукка каршы күрөштү Чеченстандагы окуялар менен тыгыз байланыштырууда. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Бесландагы террордук чабуулдун артында жикчи чечен колбашчысы Шамил Басаев турат деп ишембиде айтты. Басаев тарабынан бул доого карата жооп айтыла элек. Ал эми чечен жикчилеринин президенти Аслан Масхадов Бесландагы террордук окуяга өзүнүн тийешеси жоктугун саал мурдараак билдирген.

Серепчилердин жоромолуна караганда, келээрки аптада казак борбору Астана шаарында өз ишин баштай турган КМШ өлкөлөрүнүн саммитинде да башка көйгөйлөр менен бир катарда эле 11-сентябрдан кийинки кырдаал жана террорчулукка каршы бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып күрөшүү маселелери талкуу кылынаары күтүлүүдө.

11-сентябрь окуяларына сересеп салып, баа берүү, андан тийешелүү сабак алуу болочоктогу муундардын да олуттуу көйгөйүнөн боло тургандай.

XS
SM
MD
LG