Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

ИНДОНЕЗИЯДА ЖАҢЫ ТЕРРОР ИШКЕ АШЫРЫЛЫШЫ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага 9-сентябрда Индонезиянын борбору Жакарта шаарындагы Австралия элчилигинин алдында бомба жарылгандан кийин Австралия өзүнүн бардык элчиликтериндеги коопсуздук чараларын күчөттү. Индонезия өкмөтүнүн айтымында болсо, дагы жаңы террор аракеттери жасалышы мүмкүн.

Элчилик имараттарындагы коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү жөнүндө Австралиянын премьер-министри Жон Говард 11-сентябрда жарыялады, ошондуктан ал мындан үч жыл мурда АКШга жасалган чабуулдар тууралуу да айтты:

- Бүгүн 11-сентябрь, мындан үч жыл мурда Нью-Йорк менен Вашингтонго террордук чабуулдар жасалган жана ал күнү дүйнө өзгөрдү. Андай эмес дегендер өздөрүн өзү алдап, тарыхты чангандар. Биз азыр такыр башка дүйнөдө жашап жатабыз, эркиндикти сүйгөн биздин Австралия сыяктуу өлкөлөр дагы аны түшүнүүгө тийишпиз.

9-октябрда Австралияда парламенттик шайлоо өткөрүлөт жана оппозициядагы Жумушчу партиясынын лидери Марк Латамдын айтымында, Иракка жиберилген 890 аскерди Австралия чакыртып алууга тийиш.

Говард болсо тескерисинче, Ирактагы аскерлердин санын эки миңге чейин көбөйтүш керек деген турумда. Окшош абал үстүбүздөгү жылдын март айында Испанияда түзүлгөн жана шайлоо алдында Мадридде ири террордук аракет ишке ашырылып, 191 адам өлгөндөн кийин шайлоодо оппозиция жеңип чыгып, Иракка жиберилген аскерлерди чакыртып алган.

Жакартадагы Австралиянын элчилиги алдында жардыруучу зат жүктөлгөн жана бир жанкечти айдаган машине жарылгандан тогуз адам өлүп, бир жүз сексенге жакын киши жараат алды. Индонезиянын полиция кызматынын башчысы Дайи Бактиярдын айтымында, жакын арада дагы башка террор аракеттери болушу мүмкүн:

- Австралия, Америка Кошмо Штаттары, Улуу Британиянын элчиликтери сыяктуу жайлардын айланасындагы коопсуздук чараларын Индонезия полициясы күчөттү. Бирок террорчулар өз максатынан кайтпаса, алардын аракеттерин алдын алуу бир топ кыйын болот.

9-сентябрдагы жардырууну иликтеген коопсуздук кызматынын айтымында, аны эки адам даярдаган жана алардын бири жашаган үйдө жарылуучу заттардын изи табылды. Анын ысмы Азахари Хусин, ал өзү Малайзиядан келген жана "Жимаа исламия" уюмунун мүчөсү. 2002-жылдын 12-октябрында Индонезиянын Бали аралында ишке ашырылган ири террор аракетинин артында дагы ушул уюм турат деп айтылууда. Анда 202 адам, негизинен чет өлкөлүк туристтер жана алардын ичинде көптөгөн Австралия жарандары курман болгон. 2003-жылдын 5-августунда Жакарта шаарындагы "Марриот" мейманканасындагы жардырууну дагы ушул уюмдун мүчөлөрү уюштурган деп айтылат, андан 12 адам набыт кеткен.

Чалгындоо кызматтарынын маалыматтарына караганда, Австралия, Малайзия, Индонезия, Сингапур менен Филиппинде аракеттенген бул "Жимаа исламия" уюму "ал-Каида" менен байланышкан жана анын бир топ араккеттерин Усама бин Ладен каржылайт. Уюмдун жетекчилеринин бири Абу Бакар Башир аттуу динаятчы "Марриоттогу" жардыруудан кийин камакка алынган, бирок сот баштала элек. Уюмдун азыркы жетекчилеринин катарына индонезиялык Зулкарнаен менен малайзиялык илимпоз Азахари бин Хусин кирет деп айтылууда.

Австралиянын премьери Жон Говард Индонезиянын президенти Мегавати Сукарнопутри менен телефон аркылуу сүйлөшүп, абалды талкуулады. Австралиянын тышкы итштер министри жана бир топ тергөөчү адис дароо Жакартага жөнөтүлдү. 11-сентябрда болсо "Хизб ут-Тахрир" партиясынын бир миңге жакын мүчөсү Жакартанын көчөлөрүнө чыгып, демонстрация өткөрдү. Алардын айтымында, 9-сентябрдагы жардырууга алардын тийешеси жок жана "Хизб ут-Тахрир" кандай болбосун террорго каршы.

XS
SM
MD
LG