Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:20

ОРУСИЯНЫН 11-СЕНТЯБРЫ, ПУТИНДИН БАШЫ, ЕЛЬЦИНДИН АТЫ


Муса Мураталиев, Москва Өткөн апта ичи жарык көргөн орусиялык басма сөз 1-сентябрда Бесландагы №1 орто мектепти барымтага алуу кандай болгондугу туурасында жазды. Ошондой эле КМШ жамаатынын өз ара мамилесине, Ысыккөл кылаасын эңсеп барган Ельциндин сапарына, Шахимардан анклавына жана башка маселелерге арналган макала, кабарлар басылды.

«Новые газетага» жума күнү чыккан «Бизди титиреткен он күн» деген макаланы 5 журналист биригип жазышкан. Алар «Бесландагы трагедия орусиянын жалпы коомчулугу үчүн сыноо учуру болду. Бир аптага жетпеген мөөнөт ичинде Орусияга коркунучтуу үч терордук кол салуу, айрыкча, Бесланда мектеп окуучуларын барымтага алуу биздин жашоонун баш-аягын алмаштырып салгансыды. Өлкөнүн өнүгүүсү башка жолго өтүүгө жол ачылгандай болду», деп жазышат.

"Бүгүн АКШда 3 жылдыгы белгиленип аткан 11-сентябрь трагедиясы биз үчүн 1-сентябрдагы Бесланда кишилерди барымтага алуу болду" деп жазышты алар.

Юрий Левада анализ борбору 7-8-сентябрда маскөөлүктөргө сурамжылоо жүргүзгөн. Бесланда кандын төгүлүшүнө биринчи кезекте терорчулар күнөөлүү дегендер жалпы сурамжылоого катышкандардын 45 пайызын түзгөн.

Анализ чыгаруу борбору "2002-жылы Норд-Остту барымтага алуу болгондо сурамжыланып чыгарылган жыйынтыкта бул көрсөткүч азыркыдан 12 пайызга аз болду эле", - деп белгилейт.

Кызык жери «Орусияда болуп аткан бардык жамандыкка өлкөнүн жетекчилиги күнөөлүү, ал «Чеченстанда согуштун уланышынан улам болуп атат» деп эсептегендер бул жолу 14 пайызга өскөнүн» Левада анализ борбору белгилейт.

«Газета» гезитине (10.09.04) Андрей Литвинов «Беслан окуясынан жабыр тарткандарга колдоо көргөзүү канча өлчөмдө боло тургандыгын өкмөт тактады», деп жазат. Өлкөнүн мыйзамында терордук кол салуудан жабыр тарткандарга жардам көргөзүү кандай боло турганын көргөзгөн берене жок болгондуктан, алардын иши мыйзамдын 118-беренеси боюнча б.а. мамлекет эсебинен социалдык колдоо көргөзүү жана акчалай жардам берүү беренесинин негизинде каралган. Ал беренеде кишиге берилүүчү эң чоң деген колдоо көргөзүү 100 миң рублден ашпайт. Ошон үчүн «Барымтада жатып курман болгондордун үй-бүлөсүнө 118 миң рублден каражат кесип берилмекчи. Жарадар болгондор 15 миңден 50 миң рублге чейин жөлөк каражат алганы турушат», деп жазат автор.

«Рига» метросунун бекетиндеги жардыруудан, Ту-154, Ту-134 учактарынын жарылышынан курман болгондордун үй-бүлөсүнө да федералдык бийлик 100 миң рублден жөлөк акча бере тургандыгы айтылган.

Бул материал жазылып атканда "Кавказ Центр" порталына чыккан маалыматты окудук. Ал жерде «Чечен жикчилдери Орусия федерациясынын президенти Владимир Путинди кармап берүүгө көмөк көргөзгөн кишиге 20 миллион доллар сыйлык берет», деп жазылган. Этегине «Чечен жумуриятынын терорчулукка каршы борбору» деген кол коюлган. Анализчилер ал даректеги топту Масхадов башкарган кездеги өкмөт карамагына кирген топ дешет. Маалыматты таркатуу литвалык провайдерлердин бир сервери ишке ашырган.

Кызык жери, Беслан трагедиясынан кийин Орусия федералдык коопсуздук кызматы Шамиль Басаев менен Аслан Масхадовдун кайда экенин билдирген кишиге 300 миллион рубль же 10,2 млн. доллар бере тургандыгын жарыя кылган.

Гезиттердеги макалалар арасында КМШ жааты да кыйла кепке алынат. Алардын бири «Завтра» басылмасына (10.09.04) чыккан «Президенттер клубу» аталыштагы материал. Мурда советтик республикалар болуп келген өлкөлөрдөгү саясий, идеологиялык, экономикалык маслеттерди кучагына алган узун талкуу чагылдырылган. Ал жаңы мамлекеттердин Орусия үчүн кандай мааниси бар жана алардын мындан аркы өнүгүүсү кандай болот деген суроолорго жооп изделет.

«КМШ алкагында ар кыл топтор пайда болду. Арасында Беларусия жана Орусия кошууну эң дурусу, Экономикалык мейкиндик негиз болуп чогулушкан төрт, а Кыргызстанды кошкондо беш өлкө кошууну бар, ГУУАМ блогу бар, ушулардын баары Орусиянын түштүгүн тегеректеп курчап жатат. Алар бизге «санитардык кордон» болушу керек эле, бирок алар Орусияга калганда ниети кара, көзү түз эмес», деп айтылган ал жерде.

«Коммерсантка» жарыяланган макалада (10.09.04) Орусиянын мурдагы президенти Борис Ельцин Ысыккөлдүн кылаасында эс алганды жакшы көрөрү кеп болот. Бул жолу анын ысымы Кыргыз-Орус университетине берилди. Ага катышкан Ельцин апкаарыган кыйла мүнөттөрдү баштан кечирген. Сый- урмат көргөзгөндүгү үчүн Аскар Акаев менен ошол жерде тургандарды тегерете алкап, катуу кубанган.

«Независимая газета» жума күнү жарык көргөн санында «Чоктой коркунучтуу кыйырлар» деген макала басты. Анда СССР тушунда Өзбекстанга ооп кеткен Шахимардан анклавы тууралуу кеп болот. Алай бийиктигинде жаткан ал жерди 1930–жылдары Өзбекстандын төбөлдөрү эс алуучу жай болсун деп советтик жетекчилик уруксат берген делинет. Шахимардан ал кезде юридикалык аки-чүкүсү жок эле бере салынганын эске алып, азыр кыргыз парламенти анын башын ачып алуу кебин козгоп атат. Сырттан көз салуучулар, мындай жагдайды «Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда алыш-бериште, ошондой эле, Кыргызстандын өзүнүн ичинде кыйла тирешүүнү жаратышы абзел" деп айтышат», деп жазат Панфилова.
XS
SM
MD
LG