ЖАКАРТА. Индонезиянын полициясы Австралиянын элчилигинин жанында жардырылган бомбаны жасаган деген шек менен малайзиялык эки жаранды издеп жатат. Бүгүн Индонезиянын баш калаасында Хизб ут- Тахрир тобунун бир миңге жакын мүчөсү демонстрация өткөрүп, терроризмге каршылык көрсөтүштү. Демонстранттар "ислам терроризмди четке кагат!",- деген жазууларды көтөрүп чыгышты. Топтун өкүлү журналисттерге: "Бейшемби күнкү теракт бизди терең кайгыртты. Биз террористер атангыбыз келбейт",- деп айтты. Жакартада бейшембиде болгон жардыруунун "Ал-Каида" менен байланышы бар Жемаа ал-Исламия террордук тобу уюштурган, деп айыпталат. Ушул эле топ мындан мурда Индонезиянын Бали аралында "Марриот" мейманканасын жардырган.
Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Баян Жумакадыр кызы Прага шаарынан даярдады.
Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Баян Жумакадыр кызы Прага шаарынан даярдады.