ВЛАДИКАВКАЗ. Түндүк Осетиянын баш калаасында президент Александр Дзасоховдун кызматтан кетүүсүн талап кылып, ондогон адамдар митинг өткөрүүдө. Чогулгандардын көпчүлүгү - барымта окуясында туугандары менен жакындарынан айрылган адамдар. Өз кабарчыбыздын маалыматына караганда, митингчилерге жаңы демонстранттардын кошулуусунан чочулаган полиция шаардын борбордук чөлкөмүнө алып баруучу көчөлөрдү тосмого алды.