Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

Россия кызматташкандарга 10 млн. доллар сыйлык убада кылууда


МОСКВА. Россиянын Федералдык кызматы Аслан Масхадов жана Шамиль Басаевдин кайда экенин айтып берген адамдарга 10 миллион доллар сыйлык бериле турганын кайталады. Россиянын өкмөтү Масхадов менен Басаевди Бесланда 300дөн ашык адамдын өмүрүн алып кеткен барымта окуясын уюштурушкан, деп айыптайт. Кызматтын өкүлү Шабалкин иликтөөчүлөр тобу ким менен болбосун, анын катарында, мыйзамсыз куралдуу топтор менен болсо да кызматташканга даяр экенин билдирди. Масхадовдун өзү Бесландагы барымтага тийешеси бар экенин төгүнгө чыгарган.

Россиянын тышкы иштер миинстри Сергей Лавров Басаевди мектептеги барымта окуясына жетекчилик кылган деп айыптады, бирок аны күбөлөндүрүүчү фактыларды келтирген жок. Басаев барымта окуясы тууралуу эч кандай билдирүү жасай элек.

XS
SM
MD
LG