Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

АКШ 11-сентябрдагы террордук чабуулдун үч жылдыгын белгиледи


ВАШИНГТОН. АКШ 2001-жылы 11-сентябрда үч миңдей кишинин өмүрүн алып кеткен террордук чабуулдун үч жылдыгын белгилеп жатат. Вашингтондо өткөн экерүү каадасында президент Жорж Буш сөз сүйлөдү:

- АКШ террорчуларга койгон чабуулун улантат. Чабуул алар жүргөн, машыккан, орун-очок алганга аракеттенип жаткан баардык жерлерге жасалат.

Каада эртең мененки саат 8ден 46 мүнөт өткөндө башталды.

Мындан туура 3 жыл мурда дал ушул убакта Дүйнөлүк соода борборунун асман тиреген эгиз имараттарынын бирине террорчулар айдап качкан биринчи учак келип тийген.

Террордук чабуулдун курмандыктарын эскерүү каадасы АКШнын коргоо министрлигинин имаратында жана террористтер айдап качкан үчүнчү учак кыйраган Пенсильванияда өткөрүлүүдө. Пентагонго жасалган чабуулда 184 киши, Пенсильванияда 44 киши өлгөн. Эскерүү каадалары Американын чиркөөлөрүндө жана шаар-кыштактарда да уланууда.

XS
SM
MD
LG