Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

КАЗАКСТАНДЫК СТУДЕНТТЕР ОКУУНУ КЫМБАТТАТУУГА КАРШЫ


Казакстандын билим берүү министрлиги жогорку окуу жайлардагы окуунун баасын көтөрүүнү сунуш кылды. Жакында өкмөт жыйынында айтылган мындай сунуштан улам Астанада чогулган жаштар нааразылык билдиришип, билим берүү министрин кызматынан кетирүүнү талап кылышты. Казак өкмөтүнүн өкүлдөрү – университеттердеги окуунун баасын көтөрмөйүнчө, билим берүүнүн сапатын Батыштык деңгээлге жеткирүү мүмкүн эмес деген пикирде.

Казакстандын билим берүү министри Жаксыбек Кулекеев жогорку билимдин акысын кымбаттатуу – жалпы билим берүү системасын реформалоонун алкагында жүргүзүлчү чара экенин белгилейт:

- Өткөн аптада өкмөт жыйынында айтылгандай, ушу тапта Казакстандын университеттеринде окуунун акысы орто эсеп менен 500 доллардан 1000 долларга чейин турса, реформанын шарапаты менен контракттык окуунун баасы акырындап жылына 1500ден 2500-3000 долларга чейин көтөрүлмөкчү. Казак өкмөтүнүн өкүлдөрү канчалаган казакстандык жаштар чет өлкөлөрдө кымбат баага окуп жатышат, андан улам элдин колунда акча бар, балдарынан аямак беле деген көз карашын билдирүүдө.


Алар анткен менен, Казакстандагы белгилүү жаштар кыймылдары, студенттер кошууну өкмөттүн мындай демилгесине каршы чыгып, антип отурса университеттерде жалаң шаардыктардын, байлардын балдары окуп, чөнтөгү жука, көбүнесе айылдыктардын балдары жогорку билимден куру жалак калат деп чыгышты.

Ушул апта башында Астанада өкмөт үйүнүн алдында чогулган жаштар өкмөт башчынын наамына кат тапшырып, билим берүү министри Жаксыбек Кулекеевдин кызматтан кетишин талап кылышты. Бул тууралуу Отанчыл жаштар биримдигинин төрагасы Жанбото Карашолоков "Азаттыкка" билдирди.


Чынында да, бул окуянын тегерегинде казакстандык маалымат каражаттары жазгандай, өлкөдө орточо эмгек акы 200 долларды түзгөнү менен, андай акчага колу жетпеген жарандар четтен табылат. Казакстанда 55 мамлекеттик жана 112 менчик жогорку окуу жайында тапшыруу экзамендеринде эң мыкты баа алгандар гана бекер билим алышат. Калгандары, билим берүү министрлигинин басма сөз өкүлү Жанар Усупбекова айткандай, жалпы студенттердин 90%ына жакыны акча төлөп окушат.

Билим берүү министи Жаксыбек Кулекеев өкмөт жыйынында өз сунушун азыркы тапта Казакстандык мыкты профессорлор айына 300 доллардай айлыкка иштеп жатканы, эгерде окуунун акысын кымбаттатып, алардын айлыгын 2-3 эсе көтөрбөсө, алдыңкы окумуштуулар башка өлкөлөргө кетип калышат деген тынчсыздануусу менен коштоду.

Казакстандын студенттер биримдиги, Коммунисттик партиянын жаштар канаты, Мекенчил жаштар кыймылы баш болгон бир катар уюмдар өкмөткө жолдогон кайрылуусунда эгерде окуунун баасы азыркыдан 1,5-2 эсе көтөрүлсө, билим алууга умтулган далай таланттуу улан-кыздар андай мүмкүнчүлүктөн ажырап каларын белгилешти. Алар мугалимдердин айлыгын жогорулатууга зарыл акчаны карапайым калктын чөнтөгүнөн какпай, мамлекеттик казынадан бөлүү керек деген көз карашын билдирип, анын ордуна ансыз да чамасы чакталуу казак студенттеринин шаардык унаада жүрүү акысын 2 эсеге арзандатууну талап кылышты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG