Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

ИРАК СОГУШУНДАГЫ ЧЫГАШАЛАР АМЕРИКАЛЫК САЯСАТТЫ ӨЗГӨРТПӨЙТ


Нарын АЙЫП, Прага Иракта курман болгон америкалык аскерлердин саны үстүбүздөгү аптада бир миңден ашты. Согушка каршы чыккан кээ бир америкалык уюмдар жана кыймылдар бул окуяны өз саясатында колдонушу мүмкүн, бирок алдыдагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарына ал көп деле таасир тийгизе албай тургандай.

Жакында Нью-Йорк шаарында Республикалык партиянын курултайы болуп өткөндөн кийин, президент Жорж Бушка эл арасында болгон колдоо бир кыйла өстү. "Вашингтон пост" гезити менен "Эй-Би-Си" сыналгысы үстүбүздөгү аптада биргелешип өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, Бушту азыр америкалык элдин 53 пайызы колдойт. Демократиялык партиянын атынан президенттикке талапкер болуп көрсөтүлгөн сенатор Жон Керринин көрсөткүчү болсо 37 пайызга чейин түшүп кетти.

Эл арасындагы маанайдын эмне үчүн мындай экенин - "Азаттыктын" Вашингтон шаарындагы кабарчысы Жеффри Донован кээ бир жергиликтүү тургундар менен өткөргөн маектери белгилүү бир ченемде түшүндүрөт. Мисал үчүн, Гилда Карбонаро аттуу аял бейшемби күнү өзүнүн жалгыз уулун Ирак согушуна жөнөттү. Анын айтымында, алар уулун атуулдук маанайда тарбиялаган жана 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорк менен Вашингтонго террордук чабуулдар жасалгандан кийин, ал дароо өлкө үчүн бир кызмат кылууга умтула баштаган. Акырында мына эми аны Ирактагы согушка алып кетишти. Эгер биз ага согушка барбагын десек, анда биздин бардык мурдагы тарбиябыз туура эмес болуп чыгып атпайбы, дейт Карбонаро:

- Биздин президент ката кетирди деп ушундай тарбияланган уулубузга биз кантип айтабыз? Айта албайт экенсиң. Байыркы гректер жазган трагедиялардагы сыяктуу абалга такалдык.

Күйөөсү Ирак согушунда курман болгон Мелисса Гивенстин пикиринде дагы, ушунча күч-каражат жана адамдын өмүрүн алган согуш туура эмес башталган деп катардагы адамдар ойлогусу келбейт:

- Менин күйөөм акмактык бир нерсе үчүн өлдү деп мен ойлогум келбейт. Кээ бир адамдардын айтымында, согуш мунай үчүн же өч алуу максатында башталган, бирок мен антип ойлогондон качам - менин балдарым өз атасын ушундай бир керексиз нерсе үчүн жоготту деп мен ойлогум келбейт.

Туугандары согушка кеткен адамдар АКШда өз ассоциациясын да түзгөн жана 1600 үй-бүлө мүчө болуп кирген ал уюмдун негиздөөчүлөрүнүн бири Нэнси Лессиндин айтымында үйдө отуруп алгандан көрө мындай абал менен күрөшүү керек:

- Биздин оюбузча, Иракта кеңири кыруучу курал бар деп шектелген болсо, өлкөгө дагы кошмуча текшерүүчү жибериш керек болчу. Саддам Хусейн "ал-Каида" менен кызматташканы тууралуу да биз эч далил көргөн жокпуз. Андан тышкары, Ирак согушу башталгандан кийин дүйнөдөгү террор аракеттери көбөйдү, азайган жок.

10-сентябрга карата топтолгон маалыматтарга караганда, Ирак согушу учурунда бардыгы болуп америкалык 1005 аскер курман болду, алардын жети жүз элүү тогузу аскерий аракеттер учурунда, калганы ар башка кокустуктардан өлдү.

Ирак тараптан болсо беш миң аскер жана он миңге жакын карапайым адам каза болгон деп болжолдонот. Бирок Вашингтон шаарындагы Като институтунун эксперти Патрик Башамдын пикиринде, өлгөндөрдүн санынын көбөйгөнү жалпы саясатка көп деле таасир тийгизе албайт. Анткени америкалык коом президентти колдоп, канча жоготуу болсо дагы, башталган ишти ийгиликтүү бүтүрүш керек деген пикирде эксперт.
XS
SM
MD
LG