Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:24

АПТАНЫН МААНИЛҮҮ ОКУЯЛАРЫ


Бул апта окуяларга бай болду. Урунттуулары катары Шахимардан анклавына байланыштуу тартышууларды, президент Акаевдин мөөнөтүн узартуу жана ага «Кыргыз эл баатыры» наамын берүү маселесин, быйыл 1-сентябрда Бесланда болгон террордук актылардын курмандыктарын эскерүүнү атасак болчудай.

Иралды чегара маселеси тууралуу кеп козгойлу. Бул аптада Ташкенде кыргыз-өзбек чегарасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отуруму өттү. Кыргызстандын делегациясын жолугушууга жетектеп барган тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиеванын айтымында, бул ирет тараптар чегара тилкесинин дагы 22 чакырымын тактоого жетишти. Эми комиссиянын алдында дагы бир топ талаштуу жерлерди тактоо милдети турат, анын ичинде Шахимардан анклавы да бар.

Лидия Иманалиева баштаган кыргыз делегациясы чегараны Ташкенде тактап жаткан убакта премьер-министр Николай Танаев Мыйзам чыгаруу жыйынында отчет берип, депутаттардын суроолоруна жооп берди. Коргоо министринин мурдагы орун басары, генерал-депутат Исмаил Исаков премьер-министрге «биз депутаттар мындан эки жыл мурда Шахимарданды кайтарып алуу боюнча иштерди жүргүзүү тапшырмасын берип, токтом кабыл алдык эле, ал кандай аткарылып жатат?» деген суроо узатты.

- Советтер союзу маалында Шахимарданды Өзбекстандын жогорку партиялык төбөлдөрү эс алсын деп эч кандай документсиз эле коңшуларга берип коюшкан. Эл аралык келишимдерге, эларалык эрежелерге ылайык биз ал жерди кайра алып коюуга толук укуктуубуз, - деди Исмаил Исаков кийин журналисттерге берген интервьюсунда өзүнүн премьер-министрге берген суроосун андан ары тереңдетип.

Исаковдун пикирине караганда, Шахимардан кыргыздын жери, аны кайтарып алуу үчүн кыргыз өкмөтү жетиштүү аракет көргөн жок.

Депутатка берген жообунда Николай Танаев Шахимардан боюнча Өзбекстан менен эки жылдан бери сүйлөшүү жүрүп жатканын белгиледи:

- Өзбекстан менен талашта 76 аймак бар. Биз бүгүнкү күндө 960 чамалаш чакырым жерди кагазга түшүрдүк. Кагазга түшө элек дагы 250 чамалаш чакырым чегара тилкеси калды... Биз өзүбүздүкүнөн эч нерсе берели деген оюбуз жок. Шахимардан маселесин көтөрүп жатабыз, бул токтом бар үчүн эле эмес. Шахимардан биздин жер деген маселени эки жылдан бери көтөрүп келатабыз.

Кыргыз парламентиндеги Шахимардан тууралуу айтылган мындай билдирүүлөр эки мамлекеттин чегарасын Ташкенде тактап жаткан өкмөттөр аралык комиссиянын мүчөлөрү арасына бир топ эле бүлүк салгандай болгон. Тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева «өзбек тарап бизге таңгалганын жашырышкан жок!» дейт.

Анын айтымында, өкмөттөр аралык комиссиянын бул жолку отурумунда талаштуу Шахимардан аймагы өзүнчө маселе катары каралган жок, бирок келечекте талкуулай турган 43 участоктун катарында, планга ылайык чечилет.

Айткандай эле, Өзбекстан тараптан реакция көп күттүргөн жок. Өзбекстандын граждандык кыймылы жана «Озод дехконлар» саясий партиялары атайын билдирүү менен чыгышты. Анда депутат Исмаил Исаков баштаган айрым күчтөрдүн "Шахимардан кыргызстандын жери, аны кайтарып алууга болот" деген пикирлерин таңгалуу жана түшүнбөөчүлүк менен кабыл алдык деп айтылат.

«Депутат Исмаил Иаковдун эсине салып коюуну туура көрдүк, - деп айтылат билдирүүдө, - Көп жылдар бою Кыргызстан деген болгон эмес, ал эми анын азыркы аймагы СССРге чейин Кокон хандыгына караган. Ошондуктан тарыхый чыныдктын калыбына келишине өзбек тарап көбүрөөк укуктуу» деп айтылат билдирүүдө. Андан ары билдирүүдө 1990-жылдагы Ош окуясы эске салынат.

Өзбекстандын граждандык кыймылы жана «Озод дехконлар» саясий партиялары мамлекеттик каттоодон өтпөгөндүктөрүн, Өзбекстандын учурдагы режими мыйзамдуу алмашып, өлкө болсо нукура демократиялуу мамлекет болооруна ишеним бар экендигин айтышкан. Аталган эки партия мындай жол менен чегараларды тынч тактоого дегеле мүмкүн эместигин эскертишет.

Эске сала кетели, кыргыз тарап чегара 1955-жылы түзүлгөн карта боюнча такталыш керек десе, өзбек тарап 1924-жылдагы картаны негиз кылып алууну каалайт. Кыргызстан менен Өзбекстандын жалпы чегарасынын узундугу 1295 чакырым.

*****

6-сентябрда Жалалабад облустук соту Аксы окуясында жабыркагандардын апелляциялык арызын карады. Бул ирет да сот арыз бергендердин талабын канааттандырган жок. Ошентип райондук соттун чечими күчүндө калды. Мындай аныктаманы угузганда жабырлануучулар сотко нааразылык билдиришип, сот залынан чыгып кетишти.

Эске сала кетүүчү маалымат - Аксы окуясында жабырланган атуулдар 2002-жылдын 17-мартында милиция огунан курман болгондордун өлүмү боюнча кылмыш иши козголбой, айыпкерлер аныкталып, жазаланбаганы үчүн райондук сотко арыз жолдошкон. Алар соттон каза тапкан ар бир жигит үчүн кыргыз өкмөтүнөн 500 миңден 4,5 млн. сомго чейин акча өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Аксы райондук сот жабырлануучулардын мындай өтүнүчүн канааттандырбаган чечим чыгарган.

Аксы районунан шайланган депутат Азимбек Бекназаровдун маалыматы боюнча, жабырлангандар эми областык соттун чечимине нааразылык билдиришип, жакынкы күндөрү Жогорку сотко арыз жолдоого бел байлап турушат.

*****

7-сентябрда Конституциялык сот Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотоновдун арызын кароону баштады. Арызда депутат Констиуциянын жаңы редакциясына ылайык 2005-жылдагы президенттик шайлоого катышууга Аскар Акаевдин укугу барбы же жокпу деген суроону тактап берүүнү өтүнгөн. Конституциялык соттун судьясы Качыке Эсенканов тараптарды иш менен тааныштырып, 10 күндөн кийин маселе Конституциялык соттун коллегиясында каралаарын билдирди. Сот ишине Мыйзам чыгаруу жыйынынан депутат Азимбек Бекназаров, депутат Дүйшөн Чотонов, Эл өкүлдөр жыйынынан өкүл катары Баяман Эркинбаев катышты.

Аскар Акаевдин мөөнөтүнүн бүтө электигине күмөн саноонун өзү туура эмес экендигин Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Валерий Диль билдирди. Анын айтымында, соттун “президент шайлоого дагы бара алат” деген чечим чыгаруусуна дегеле негиз жок:

- Элден мурда Конституциялык сот бул маселени кароонун өзү мыйзамдуубу деген суроону тактоо керек. Биз жаңы Конституция кабыл алган эмеспиз. Ошондуктан Конституциялык соттун Аскар Акаев дагы бир мөөнөткө бара алат деп бүтүм чыгарышы мүмкүн эмес.

Ал эми мурунку мамлекеттик катчысы Ишенбай Абдуразаков болсо Конституциялык сотко жолдонуп жаткан мындай суроонун өзүн сабатсыз деп эсептейт:

- Мөөнөт деген бүткөн. “Акаев бара алабы-албайбы” деген суроонун өзү сабатсыз. Бирок Конституциялык сот кээде өзүнүн билгенин жасап койгон учурлар да жок эмес. Ошентсе да бул жолу андай кылууга негиз жок. "Бара албайт" деген бүтүм болот деген ойдомун.

Президент Аскар Акаевдин өзү болсо шайлоого дагы бир ирет барууга Конституциянын жаңы редакциясы жол бербей турганын бир нече жолу билдирген.

Кызыгы, Аскар Акаев минтип бир нече ирет кайталаганына карабай оппозициядамын деген күчтөр суроо көтөрүп жатканынын өзү кызык жана ал арызды четке кагуунун ордуна Конституциялык соттун аны кароого киришкени да таңгалыштуу дешет талдоочулар.

*****

Ушул эле аптада бир катар саясий партиялардын Ысыккөл облустук бөлүмдөрүнүн лидерлери Жогорку Кеңештин кош палатасына жана республиканын калкына кайрылуу жолдошту. Ага "Асаба", "Жаңы Кыргызстан", "Социал-демократтар", "КДКП" саясий партияларынын облустук бөлүмдөрүнүн лидерлери кол коюшту. "Асаба" кайра жаралуу саясий партиясынын облустук лидери Каныбек Жакыпбектегиндин айтымында, Ошто түзүлгөн "Элим менен, элим үчүн" коомдук фондду Аскар Акаевдин ыйгарым укугун дагы жети жылга узартуу боюнча көтөргөн демилге эл арасында нааразычылыктарды жаратууда.

«Биз мындай саясий оюнду бийликке көшөкөрлүк катары түшүнөбүз. Эгерде президенттин иштөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө кол топтоо жүргүзүлсө, анда эл арасында нааразычылыктар ого бетер күчөп, карама-каршылыктарга от тамат», дейт Каныбек Жакыпбектегин.

Ал арада Мыйзам чыгаруу жыйынынын «Биримдик» депутаттык фракциясы Аскар Акаевге «Кыргыз эл баатыры» деген наам ыйгаруу демилгесин көтөрүп чыкты. Бул маалымат фракциясынын мүчөсү Асан Раимкуловдон алынды. «Биримдиктин» курамында Турдакун Усубалиев, Махмуд Күчүков, Акбөкөн Таштанбеков, Жангороз Каниметов баш болгон 12 депутат бар. Акбөкөн Таштанбеков:

- Мага фракциянын башка мүчөлөрү ушундай демилге көтөрүп жатабыз деп кайрылышты, мен колдоп бердим. Менимче, Аскар Акаевге биринчи президент катары жана көп иш жасаган инсан катары ал наамды берүү туура эле - дейт.

Депутаттын айтымында, көтөрүлгөн бул демилгени президенттин өзү билбейт деген маалымат бар.

*****

9-сентябрда Бишкектеги Алатоо аянтында Түндүк Осетияда болгон кайгылуу окуяларга байланыштуу митинг өткөрүлдү.

Жыйынга беш миңден ашуун мектеп окуучулары, студенттер жана шаардын тургундары катышты. Митинг Кыргызстандын билим берүү министрлигинин демилгеси менен уюштурулду. Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Алтын Исмаилова миңдеген адамдардын тилеги – бесландыктарга колдоо көрсөтүү экендигин айтты:

- Мусулмандар эч качан балдарга, кары-картаңдарга, ата-энелерге кол көтөрүп, курал аткан эмес. Телерадиодон байма-бай "ислам жан кечтилери" деген туура эмес маалыматтар айтылууда. Биз бул аянтка Бесландагы трагедияга байланыштуу бейкүнөө адамдардын кайгысын тең бөлүшкөнү келдик.

Митингдин катышуучулары «Терроризмге каршыбыз!», «Биз силер мененбиз, бесландыктар!», "Студенттер терроручулукту айыптайт!" деген плакаттарды кармап турушту. Ошондой эле алар Бесландагы террордук аракеттерден каза болгон атуулдардын жакын туугандарына көңүл айтышып, жер шарында тынчтык болушун каалаган бардык адамдарды эл аралык терроризмди колдобоого чакырышты.

Ал эми Кыргызстан укук коргоо кыймылынын жетекчиси Турсунбек Акун митингдин өтүшү жакшы, бирок анда бир катар кемчиликтер кетти дейт.

- Өткөнү жакшы болду. Бирок 3 кемчиликти байкадым. Биринчиден, мектеп окуучуларын күчтөп алып келишкендей сезилди. Экинчиден, жалаң орус тилинде өттү, мен Орусиянын бир губерниясында жүргөндөй эле болдум. Үчүнчүдөн, террордун эмнеден келип чыгып жатканы тууралуу сөз болгон жок. Менимче, Чеченстандагы, Кавказдагы кызыл кыргын мыйзамдуу президент Аслан Масхадов менен сүйлөшүү жолунан кийин гана токтойт.

Улуттук гвардиянын башчысы, Ооган согушун баштан кечирген генерал Абдыгул Чотбаев Беслан каргашасы дегеле адам аттуу жасабай турган көркоо кайгы болгонун белгиледи:

- Өмүр эмне, өлүм эмне экенин билем. Бирок Бесландагы окуядай болот деп, үч уктасам түшүмө кирген эмес. Муну жасаган адамдар адам эмес. Макулук да мындай иш жасабайт. Буга чейин өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн күч аракеттерибизди жумшап келгенбиз. Бул окуядан кийин ички коопсуздукка өзгөчө көңүл бурабыз.

Ушул эле аптада кыргыз элинин атынан Бесландагы террордон жабырланган атуулдарга 32 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү.
XS
SM
MD
LG