Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

ХАМИД КАРЗАЙ ЫСМАЙЫЛ ХАНДЫ “ЭЭРДЕН ООДАРДЫ”


Ооган өкмөтүнүн төрагасы Хамид Карзай Герат провинциясынын губернатору Ысмайыл Ханды кызматтан алды. Эскиден Кабулга моюн толгоп жүргөн Хандын бийликтен кетирилиши - Улуттар Уюмунун атайын чабарманы Жан Арнонун айтымында - алдыдагы президенттик шайлоону тополоңсуз тынч өткөрүп алууга шарт түзөт. Ысмайыл Хан жана башка бир катар лашкер башчылар өкмөттүн куралсыздандыруу жана алардын жеке аскерлерин таркатуу планын колдобой жатышкан.

Ишемби күнү Ооган өкмөтү өлкө батышындагы Герат провинциясынын губерантору Ысмайыл Ханды кызматтан алуу жөнүндөгү парманын жарыялады. 1980-жылдары советтик аскерлерге каршы согушта аты таанылып, 90-жылдары жана акыркы үч жылда байдөөлөт провинцияны кыңк эттирбей башкарган Хандын “ээрден оогону” – Хамид Карзайдын “туусу көтөрүлгөнү”.

Ал 2001-жылдын кеч күзүндө талиб өкмөтү АКШлык аскерлердин жардамы менен кулатылгандан бери борбордук өкмөттүн эркине моюн сунбай, Карзайдын жер-жерлердеги куралдуу топторду куралсыздандырып, таркатуу демилгесине башка лашкер башчылар менен бирдикте каршылык көрсөтүп келген.

Ысмайыл Хан тышкы соодадан алынган салыкты мектеп, оорукана, жол жана гүлбак сыяктуу коомдук жайларды абатташтырууга серап жумшап, эл оозуна алынган. Ал эми провинцияда ислам ибадаттарын бекем карматып, диниятчылардын сүймөнчүгүнө айланган.

Стратегиялык жактан өтө маанилүү Иранга чектеш провинциянын губернатору Ысмайыл Хандын “азуу көрсөтпөй” бийликтен кетүүсү, өкмөт башчы Хамид Карзай үчүн чоң ийгилик” деп эсептейт “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Ооган кызматынын орун басар директору Зариф Назар:

- Мунун мааниси өтө зор. Себеби, Хамид Карзай эки-үч жылдан бери Кабулга кызматка чакырса да, Ысмайыл Хан аны укпай жаткан. 9-октябрдагы шайлоого бир айдай убакыт калганда борбордук өкмөткө баш ийбей, анын жарлыктарын четке кагып жүргөн адамдын кызматтан айрылуусу Хамид Карзайдын жетегиндеги өкмөттүн кубаты өскөнүн күбөлөйт. Карзайдын аброю көтөрүлөт. Элге оң таасир этет. Элге Карзай эми вилаеттерде бийлигин орнотуп, турмуш жакшыра баштайт деген ишенич берет.

Ысмайыл Хан ишемби күнү Герат радиосуна берген интервьюсунда өкмөттүн чечимине макул экенин айтып, бирок “өкмөт сунуш кылган кызматка кесиптик даярдыгым жок болгондуктан Кабулга барбайт окшойм” деп бүдөмүк сүйлөдү.
Ага жаңы түзүлгөн Тоо кен жана өнөр жай министрлигин жетектөө сунуш кылынган эле.

Талдоочулар кудурети күчтүү Ысмайыл Ханды төрага Карзай башындагы бийликтин эркине көндүрүүгө аргасыз кылган үч жагдайга көңүл бурушту:

Биринчиден, Июль айынын чыга беришинде Карзай мурдакы Түндүк Альянстын көрүнүктүү өкүлү, таасирлүү аскер башчы Мохаммед Фахимди коргоо министрлигинен бошоткон.

Экинчиден, ошондон кийин бир нече өзүмбилги лашкер башчылар өкмөткө кошулуп, экинчи бирөөлөрү Фахим сыяктуу президенттике талапкерлерди колдоп чыккандан кийин, байкоочуларда шайлоо коога-чатаксыз өтөт деген алгачкы ишенич жаралган.

Үчүнчүдөн, август айынын орто ченинде Аманула Хандын желдеттери Гератка басып кирип, чабуул ооган аскерлеринин жардамы менен токтотулган. Жоолошкон тараптар АКШлык аскерлердин арачылыгы менен элдештирилген. Ал эми Аманула Хан ошондон бери Кабулда үй камагында.

Бул чабуулду Карзайдын өкмөтү жана Ысмайыл Хандын эзелки каршылыштары уюштурду деген да карама-каршы кабарлар бар.

Мына ушул окуялардан кийин, АКШлык дипломаттар Ханга кысымды күчөтө баштаганда “Вашингтон Пост” жана башка Батыш басылмалары, анын губернаторлуктан кетээрине саналуу күндөр калды деп тыянак чыгарышкан болчу.

XS
SM
MD
LG